УКМК Панфилов райондук электр тармагынын кызматкерин пара алып жатканда кармады

Чүй облусунун Панфилов райондук электр тармактарынын (РЭТ) ага инспектору 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 9-мартта билдирди.

Панфилов РЭТ жана «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун кызматкерлери жеке жана юридикалык жактардын электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кылмышты жашыруу үчүн райондук электр тармактарынын жооптуу кызматкерлери жеке ишкерден 97 миң сом акча опузалаган.

УКМК «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 7-мартта Панфилов РЭТтин «К.Ж.К.» аттуу кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүү УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин УКМК кызматкерлери Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук башкармалыгынын экологиялык көзөмөл боюнча инспекторун пара алып жаткан жеринен кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, инспектор тургундардын биринен 30 миң сом акча талап кылган.

Автору: Хоназим Имоддинова