Парламенттин 6-апрелдеги жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясына (КТРК) улуттук канал макамын кайтара турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алынды.
«Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун 77 депутат колдоп, алты эл өкүлү каршы добуш берди.
Мыйзамды Маданият министрлиги демилгелеген. Документ президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Эмнелер өзгөрөт?
КТРКнын «коомдук» макамы «улуттукка» өзгөргөндөн кийин байкоочу кеңеш таркатылып, телеканалдын жетекчисин президент өзү дайындап баштайт.
КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев парламенттин жыйынында телеканалда иштегендердин маянасы миң сомго көтөрүлөрүн билдирди. Ал үчүн республикалык бюджеттен кошумча 9 млн сом бөлүнүшү керектигин айтты.
Маданият министри Азамат Жаманкулов «миң сом — телеканалдын макамы өзгөргөнү үчүн эле кошумча берилүүчү каражат» деп билдирди. Министр «келечекте телеканалдын кызматкерлеринин маянасы жакшы деңгээлге чыгат» деп убадалады.
КТРКны реформалоо жана ага карата сындар
КТРК Кыргызстандагы эң ири телерадиоберүү компаниясы болуп эсептелет, аны каржылоо үчүн бюджеттен жылына 350-400 млн сом акча бөлүнөт.
КТРКны реформалоо тууралуу маселе 2021-жылы эле айтыла баштаган.
Президент Садыр Жапаров 23-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши алдына коюлган милдеттерди аткарбай жатканын билдирген.
«Канал мамлекеттин ишин кылышы керек, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес. Мамлекеттин идеологиясын чагылдырып, социалдык көрсөтүүлөрдү бериши керек», — деген ал.
Массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева нобярда КТРКнын макамы жөнүндөгү мыйзамдын долбоору «президенттин 2021-жылдын 5-майындагы тапшырмасына ылайык» иштелип чыкканын түшүндүргөн.
Сарногоеванын айтымында, корпорациянын башкы директорун шайлоодо байкоочулук кеңеште «өтө чоң коррупциялык көрүнүш» болгон.
29-октябрда «Медиа Полиси Институту» 15 медиа, журналисттер жана редакторлор кол койгон медиакоомчулуктун кайрылуусун жарыялаган. Анда алар маданият министрлигинен «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну өтүнүшкөн.
Медиакоомчулук сунушталган мыйзам долбоорунда демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгып, коомчулук телеканалдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албай калат деген пикирде. Ал эми журналисттер телерадиокорпорация мамлекеттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин кайрадан бийликке аянтча түзүп берип калат деп эсептешет.