Дастан Бекешев: Ысык-Көлдүн пляжы бардык кыргызстандыктар үчүн ачык болушу керек

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаров кол койгон Ысык-Көлдүн тургундарына пляждардын аймагына акысыз кирүү укугун камсыз кылуучу жарлыгы тууралуу пикирин айтты.

Эл өкүлү «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндөгү» мыйзамда бири-бирине карама-каршы келген нормалар бар экенин белгиледи.

Ошентип, документке ылайык, Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук мекемелердин администрациялары жергиликтүү тургундарды пляждарда жана башка массалык эс алуу аймактарына кирүүсүн чектөөгө укугу жок. Бирок ошол эле документте курорттор эс алуучулардын коопсуздугу, менчиктин бүтүндүгү, пляждык зонаны жаныбардар кирдетип жибербеши жана транспорт каражаттары кирбеши үчүн пляждарды тосмо менен коргоого укуктуу деген норма бар.

Бекешев Ысык-Көлдөгү пляждардагы тосмолорду алып салуу боюнча жарлыкты жарым-жартылай колдой турганын белгиледи. Бирок пляждык зонага акысыз кирүү укугу Ысык-Көлдүн тургудары үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктарда болушу керек деп эсептейт.

«Бул жарлыктын логикасы бишкектик эмес жарандар Бишкекке кириши үчүн акча төлөшү керек, Соң-Көлгө бир гана нарындыктар акысыз кире алат, ал эми Ош шаарынын тургундары Сулайман-Тоого акысыз бара алышат деген сыяктуу эле болуп калды», — деп жазды эл өкүлү.