Президенттин буйругу: Ысык-Көлдүн жашоочулары пляждарга акысыз кире алат

2022-жылдын 1-июлунан тартып Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундары пляж аймактарына акысыз кире алат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим жергиликтүү тургундардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынган.

Мекемеден бүгүнкү күндө көптөгөн санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүн чектеп, муну менен мыйзамды бузуп жатат деп белгилешти.

«Жогоруда аталган мыйзамдардын жоболорун бузуулар Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын нааразычылыгын пайда кылып жатат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Президент төмөнкү тапшырмаларды берди:

– жогоруда аталган жарандардын тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынсын;

– Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан, ачылуучу калиткалары жок жана жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) демонтаждалсын, ошондой эле аларды мындан ары орнотууга тыюу салынсын;

– менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилсин;

— Министрлер кабинети 2022-жылдын 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагынын объекттерин куруунун, абаттоонун, техникалык эксплуатациялоонун жана күтүүнүн эрежелеринин жаңы редакциясын иштеп чыксын жана бекитсин.