Кара-Суу районунда акимдин буйругу менен үч айыл өкмөт башчы алмашты

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Шарк жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчылары акимдин буйругу менен алмашты. Бул тууралуу «Клоопко» райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сары-Колот айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Кыял Макеев ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен жумуштан кеткен. Анын ордуна Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы жардамчысы Кушбак Абдырахманов дайындалды.

Ал эми Шарк жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчылары президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиялык жыйынындагы токтомдогу сунуштун негизинде кызматтан бошотулушкан.

Кызыл-Кыштай айыл өкмөтүнүнүн башчысы болуп Зарлык Тургунбаев дайындалды. Ал буга чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча башкаруу агенттигинде иштеп келген.

Шарк айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы болуп Улан Батыров келди. Буга чейин ал «ГеоМеталлСтрой» ЖЧКсын жетектеп келген.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 127 гектар айыл чарба багытындагы жер мамлекетке кайтарылган эле.

Анда Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги мамлекетке караштуу жер 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке чыгарылган. Жердин жалпы наркы 320 миллион сомду түзгөн .

Факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, сот органдарына жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыз келтирилген.

Көзөмөл орган арызды соттун бардык инстанциялары канааттандырганын белгилеген. Ал эми Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылган.