Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөө сапатын жогорулатууну сунуштады

Кыргызстандыктардын коммерциялык банктардын тейлөө сапатына карата даттануулары көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдады.

Башкы банктын маалыматына ылайык, 27-майда Улуттук банктын жетекчилиги коммерциялык банктардын, акча алмашуу бюролорунун жана Алмашуу бюролорунун ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстандык банктык системасындагы жана валюта рыногундагы азыркы абал талкууланган. Мындан тышкары, жолугушууда дүйнөдөгү геосаясий геосаясий кырдаалга байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу жана алдын алуу маселелери талкууланган.

«Улуттук банктын жетекчилиги тарабынан акыркы учурда акча которуу системалары аркылуу акча каражаттарын кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча айрым финансы-кредиттик мекемелердин тейлөө сапатына карата калк арасында даттануулардын саны өсүп жаткандыгы айтылды», — деп белгилешти Улуттук банктан.

Ал жактан коммерциялык банктарга кардарларды тейлөө сапатын жогорулатуу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн талаптагыдай аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылуу сунушталганын кошумчалашты.

Мындан тышкары, Улуттук банктын жетекчилиги каржы рыногунун бардык катышуучулары, анын ичинде акча алмашуу бюролору жана Алмашуу бюролорунун ассоциациясы банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуусу зарыл экенин билдирилди.