Министр Алмазбек Бейшеналиев: Жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталат

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталарын билдирди.

Бейшеналиев 17-июнда Министрлер кабинетине тийиштүү долбоорду киргизе турганын айтты. Ал министрлик мугалим жана жарандардын арасында сурамжылоо жүргүзгөнүн, алардын көбү окуу жылын 1-сентябрдан баштоо чечимин колдошконун белгиледи.

Жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталарын буга чейин «Клоопко» Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы дагы кабарлаган. Анда мекемеден министрликке ата-энелер менен мугалимдер окуу жылынын мурдагы тартибин кайтарып берүүнү өтүнүп кайрылышканын айтышкан.

Нааразы ата-энелердин айтымында, жаңы график окуучуларды чарчатып айрымдары окууга келбей да калышкан.

2021-жылдын август айында ошол учурдагы Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстанда окуу жылынын башталышы туруктуу түрдө 15-сентябрга которулганын билдирген. Министрликтен окуу жылынын жаңы графиги «коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал жана жарандардын эмделүүсүнө» жана «туристтик сезондун узарышына» байланыштуу кабыл алынганын айтышкан.