Бишкектин «Көлмө» конушундагы кампалардын биринде ири өрт чыкты

ӨКМден өрт өчүрүүчүлөр Бишкектин четиндеги кампалардын биринде чыккан ири өрттү өчүрүп жатканын кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Биринчи май районуна караштуу «Көлмө» калктуу конушунда өрт чыкты. Кырсык болгон жерде жети бригада иштеп жатат.

«Өрт саат 08:08де чектөөгө алынды, учурда өчүрүү иш чаралары уланууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мекемеден тилсиз жоодон жабыркагандар жок экенин баса белгилешти, ал эми келип чыгуу себептери такталууда.