Сот Алымкадыр Бейшеналиев жумуштан алган кызматкерлерди кызматына кайтарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Алымкадыр Бейшеналиев иштен бошоткон Саламаттык сактоо министрлигин үч кызматкерин кызматына кайтарды. Маалыматты «Клооптун» кабарчысына соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Сот Саламаттык сактоо министрлигин кызматкерлерин кызматка кайтаруу чечимин 10-августта чыгарган. Сот өз чечимине ылайык, юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеевди, коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматованы жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны ээлеген кызматтарынан бошотуу тууралуу министрликтин буйругун мыйзамсыз деп тааныды.

Ошондой эле сот кызматына кайтарылган кызматкерлердин аргасыздан бош жүрүп калган убакыт аралыгы үчүн эмгек акыларын өндүрүп алуу чечимин кабыл алды.

Акматов, Жумакеев жана Ибраева Саламаттык сактоо министрлигинен 2022-жылдын май айынын аягында бошотулган, бул алар ошол убакта министрликтин башына турган Алымкадыр Бейшеналиевдин реформалары менен аракеттери каршы маалымат жыйын курушкандан кийин болгон. Алар Бейшеналиевди кызматтан алууну суранып, президентке да кайрылышкан болчу.

Алар кызматтан алынгангандан кийин чиновник өзүнүн кабыл алган чечими мекеме кызматкерлеринин аны отставкага кетирүү аракети менен байланыштуу эместигин белгилеген.

Бейшеналиев өзү учурда үстүбүздөгү жылдын июнь айында ага карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу министрлик кызматтан убактылуу четтетилген.

Көзөмөл органын малыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз келишим түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бирок 16-августта ИИМ COVID-19га каршы вакцина сатып алууга байланышкан иш боюнча министрге карата ишти кыскарткан. Жактоочу Кайсын Абакированын айтымында, иш [Адымкадыр Бейшеналиевдин] аракетинде «кылмыштын курманы жок болгондуктан» токтотулган.

Бейшеналиев азырынча министрик кызматтан убактылуу четтетилген, анын милдетин убактылуу Жаркынбек Касымбеков аткарып жатат.