Алымкадыр Бейшеналиев министрликтин үч башкармалыгынын башчысын иштен алды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үч башкармалыктын башчысын иштен алды. Маалыматты «Клоопко» министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова тастыктады.

Маалыматка ылайык, министр юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеевди, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованы жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраеваны кызматтан алган.

Министрликтен кадрдык өзгөрүүлөр «реформаларды ишке ашыруу жана алдыга коюлган максаттарга жетүү максатында» болгонун белгилешти.

Ал эми мамлекеттик «Кабар» агенттиги мындай чечим аталган кызматкерлер министрдин орун басарлары менен маалымат жыйын өткөрүп, министрлер кабинетине Бейшеналиевди кызматтан алуу өтүнүчү менен кайрылгандан кийин кабыл алынганын жазды.

Министрдин кайрылуусу, кызматкерлердин нааразычылыгы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-майда кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган. Ал ага карата «каралоолор жана бут тосуулар болуп жатканын» айтып, буга орун басарларын күнөөлөгөн.

Ошондой эле Бейшеналиев орун басарларынын «үстүнөн түшкөн даттануулар чын экенине көзүм жетти» деп белгилеген. Иш-сапардан кайтары менен алардын кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени кароону убадалаган.

Ошондой эле ал маалымат жыйын куруп, анын үстүнөн арыздангандардын баары «10-20 жылдан ашык министрликте иштегенин» белгилеп, «медицина тармагынын кыйрашына алардын тиешеси бар деп ишенимдүү айта алам» деп билдирген.

Министр алар кызматтан бошотулса «бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн да, жарандар үчүн да жеңилдик болот» деп эсептеген.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары жана бир катар башкармалыктардын жетекчилери 16-майда маалымат жыйын курган. Алар министр «этиканы сактабай», кызматкерлерди «мазактап, коркутуп жүргөнүн» айтышып бийликтегилерден аны жумуштан алууну суранышкан.

Ошондой эле алар Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу кайрылууну УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго жолдошкон.

Маалымат жыйынга катышкандардын арасында кызматтан алынган үч башкармалыктын жетекчилери да болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Спектаклдын артында кимдер турганы ачыкка чыкты». Саламаттык сактоо министри кайрылуу жасады