Кыргызстанда айымдар үчүн экинчи ирет турмуш куруу көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Статистикалык маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 50-54 жаштагы айымдардын 60% гана турмушка чыккан. Бул көрсөткүч аялдын жашынын жогорулашына карата төмөндөп кетет.
«Азаттык» үналгысынын «Эже-сиңдилир» берүүсүндө турмуштун ар кандай сыноосуна туш болуп, 50 жаштан соң кайрадан үй-бүлө курган айымдар өз окуялары менен бөлүштү. Алардын айтымында, экинчи ирет турмушка чыгуу адамдын өзүнүн тандоосунан жана айланадагылардын түшүнүгүнөн көз каранды.
«Айланадыгардын колдоосу өтө маанилүү»
32 жашында жолдошунан ажырап, кайра 53 жашында жаңы үй-бүлө күткөн Жанаркүл Алымбекова көп жылдар бою төрт кызына кам көрүп келгенин билдирди. Анын айтымында, кыздары үй-бүлө курганга дейре кайрадан турмушка чыгуу маселеси ал үчүн жабык болчу.
«Балдарым чоңойгондо “Али картая элексиз, жашсыз, турмуш куруңуз” деп айта башташты. Ал тургай күйө балдарыман өйдө ошондой дешкен. Адам турмуш курууга даяр болмоюн ал барак ачылбайт экен», — деп түшүндүрдү ал.
Ал жолдошун кокустан кезиктирип калганын айтып, айланадагы адамдардын баары экинчи үй-бүлө куруу демилгесин жакшы кабыл алганын кошумчалады.
Берүүнүн дагы бир коногу Кайырбүбү Чолпонкулова 1993-жылы жолдошунан күтүүсүз жерден ажырап, 22 жыл өткөн соң 60 жашка келгенде экинчи жолдошун кезиктирген. Ал экинчи үй-бүлө куруу адамдын өзүнүн тандоосу деген пикирде.
«Негизи экинчи жолу турмуш куруу айланадагылардын, балдардын жана кайын журттун түшүнүгүнө жараша болот. Эгер алар түшүнүк менен караса, көйгөй болбойт. Бул [экинчи ирет турмушка чыгуу] адамдын маданияты, түшүнүгү жана жашоого болгон көз карашынан болот», — деп белгиледи ал.
Экинчи турмуш курууга тоскоол болгон нерселер
Психолог Назира Куванычбек аялдарга, өзгөчө Кыргызстандагы айымдар үчүн 50 жаштан өтүп турмуш куруу оңой эмес деп эсептейт. Куванычбек анын себебин коомдогу калыптанып калган стереотиптер жана менталитет менен түшүндүрдү.
«Ал эми Кыргызстанды ала турган болсок, бизде менталитет деген нерсе бар. Ошондой эле коомдо стереотиптер көп. Бизде көп нерсе ошого жараша болуп калат. Стереотиптин ичинен адамдын тандоосу болот. Көпчүлүк учурда “эл эмне дейт”, “балдарым кандай ойлоп калат” деген нерселер да таасир этет», — дейт психолог.
Куванычбек айымдардын экинчи турмуш куруусуна алардын жеке инсандык өзгөчөлүгү да таасир этерин белгилейт.
«Үй-бүлөнүн бузулушу же аялдын жалгыз калганы өзүнчө бир көрүнүш. Бирок бир этаптан башка этапка өтүү, ага көнүү процесси өзүнчө болот. Кандай даражада болбосун, көйгөй, депрессия менен коштоло турчу процесс. Ал процессти ар адам индивидуалдуу өткөрөт. Айрымдарга узак убакытты талап кылса, айрымдар үчүн жеңил өтүп кетет», — деп кошумчалады ал.
Психолог экинчи үй-бүлө күтүү коомдун менталитетинин тегерегинде каралчу эле маселе деп эсептейт. Аны адамдын тандоосу жана айланадагылардын ал тандоону түшүнүү менен кабыл алуусу аркылуу чечсе болот.
Берүүнүн дагы бир коногу Асел Ниязбекова айымдар өзүн-өзү жакшы карап, ички дүйнөсүн ачып, ден соолукка пайдалуу нерселер менен алектениши керек деп эсептейт. Бул пикирди Кайырбүбү Чолпонкулова дагы кубаттап, айымдар карылыкка эрте жол бербей, коомго аралашып, билимин толуктап турушу керек деп белгилейт.