Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин м.а болуп турган кезинде, 2020-жылдын ноябрында пресс-конференция берип жатат. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Мындан туура эки жыл мурда, 2020-жылдын октябрында, Кыргызстан эки жума саясий кризисти баштан кечирди. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар жана жаш саясатчылар баштаган митинг бийликтин алмашуусу менен аяктаган — ага түз эле абактан азыркы президент Садыр Жапаров келип кошулган.

Ал кандайча болгонуна көз чаптырабыз.

2020-жылдагы октябрь окуясына дагы деле кандайдыр бир расмий макам бериле элек. Бул боюнча ача пикирлер айтылып жүрөт: кээ бири аны төңкөрүш десе, башкалары — саясий кризис дешүүдө, себеби өлкөдө формалдык бийлик алмашканы менен саясий элита ошол боюнча калган.

Бул окуялардын тамыры тереңде жатат. Октябрга чейинки эле 2020-жылды карап көрүү жетиштүү — анда ковид пандемиясы күч алып турган, ал Сооронбай Жээнбеков башында турган өлкө бийлиги ага даяр эмес болуп чыккан.

Өлкө жарандары өз арбайын өзү согуп, өмүр кыйган илдеттен өзү сактанууга аргасыз болгон. Мындан улам кыргызстандыктар соцтүйүндөрдө президентке импичмент жарыялоо үчүн кол топтой баштаганы таң калыштуу эмес эле.

Жээнбековго 2019-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу чыгарган бир нече иликтөөгө карата реакциясы дагы ишеним упайын арткан эмес. Материалдардын башкы фигуранты, иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстандын 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болгон.

Өлкө жарандары бир нече ирет Матраимовго каршы митингге чыгышкан. Бирок бийлик коррупционерди калкалап туруп алган. Иликтөөлөр жарык көргөнүнө карабастан Жээнбеков журналисттерден экс-чиновниктин коррупцияга аралашканын далилдеген «фактыларды» сураганын койбогон.

Ал эми 2020-жылы парламенттик шайлоонунун убагы келгенде Жээнбековдордун кланы менен байланыштуу «Биримдик» жана Матраимовдордун «Мекеним Кыргызстан» партиясы негизги оюнчу болуп чыга келген. Бул дагы коомчулукта нааразычылыктардын күчөшүнө түрткү болгон. Дал ушул шайлоо Бишкекте башаламандыктардын жана андан кийинки бийликтин алмашуусунун башаты болгон.

2020-ЖЫЛДЫН ОКТЯБРЫНДА БИЙЛИК КАНТИП АЛМАШКАН?

Андан кийин эмне болгон?

  • Жапаровдун каршылаштары премьер-министр болот деп күткөн Өмүрбек Бабанов акыры жаңы бийликти колдоп, президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Кийин аны УКМК Кумтөр кенине байланышкан иш боюнча кармаган, андан кийин Бабанов тергөө абагынан түз эле чет өлкөгө «дарыланууга» кеткен.
  • Тилек Токтогазиев менен Элвира Сурабалдиева жаңы премьердин өкмөтүнүн курамына кирип, бирок көпкө кармалышкан эмес.
  • Бийлик үчүн күрөш ушуну менен эле токтогон эмес. Бир нече айдан кийин Садыр Жапаров 80% добуш менен президенттик шайлоодо жеңип, ал арада Конституцияны дагы өзгөрткөн. Кыргызстан кайрадан президенттик өлкөгө айланып, жалпылап айтканда, бийлик көбүнесе бир адамдын колуна өткөн.
  • Мурдагы режимдердегидей эле Жапаровдун тушунда дагы журналисттер менен активисттерге карата басым ошол эле бойдон калган. Мындан тышкары, Кыргызстан ачык-айкындыктан тая баштаган. Мамлекеттик сатып алууларга көз салуу оор болуп баратат, ал эми президенттик аппарат буга кошумча чиновниктердин декларацияларын жашырууну сунуштады.
  • Жапаровдун досу — Камчыбек Ташиев — «кустуруу» аркылуу коррупция менен күрөшүп, бүгүнкү күнгө чейин УКМКнын башында калууда. «Кустуруу» дегенибиз коррупционерлер түрмөгө отурбай эле мамлекетке келтирген зыяндын бир бөлүгүн төлөп кутулуп кетип жатышат деген эле сөз.

2022-жылдын 2-сентябрында Жапаров Ташиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарды. Сүрөт: Президенттик басма сөз кызматы.

Ал эми президенттин дагы бир үзөңгүлөшү — Талант Мамытов — 2020-жылы парламент спикери болуп дайындалган. 2022-жылдын 5-октябрында отставкага кетти.