Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кетти

Талант Мамытов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал парламенттин 5-октябрдагы жыйынында билдирди.

«Бул менин жеке чечимим. Ага себеп — билесиздер парламентте жакында окуя болду. Баарыбыз өз ыктыярыбыз менен Баткенге бардык. Кээ бир депутаттарыбыз айтып бул маселе массалык маалымат каражаттарына чыгып кетти. Мен ошол кезде чечим кабыл алып, заматта элем арызымды жазып Баткенге кетейин деген оюм бар эле. Бирок силердин суранычыңарды эске алып, өз милдеттеримди орун басарыма убактылуу жүктөгөм. Бүгүн ойлонуп, чечимди кабыл алдым», — деди ал.

Мамытов буга чейин өз милдеттерин орун басары Жамиля Исаевага жүктөп, жумушка кайра кайтып келген болчу.

Ал «окуя болду» деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «парламентке курал-жарак алып келгенин» айткан болушу ыктымал. Бул тууралуу алгач депутат Адахан Мадумаров айтып чыккан.

Мадумаров муну «чектен чыккан жапайычылык» деп атап, депутаттар ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна баа бериши керектигин эскерткен.

Ал эми «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянып, окуя 22-сентябрда болгонун жазган. Ал күнү парламент кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча маселени жабык караган.

Анда «Ташиев чек арадан улам сын айткандарды Баткенге барууга чакырып, депутаттарга курал таратылганы, жыйында кайым айтышуу да орун алганы» айтылган.

«Спикер Талант Мамытов ошол жерден кызматын вице-спикер Жамиля Исаевага убактылуу өткөрүп берерин билдирген жана төрага баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен. Парламенттин басма сөз кызматы Мамытов кызматына ушул аптадан тарта кайра кайтканын билдирген», — деп жазган «Азаттык».

22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары камуфляж жана спорттук форма кийип автобус менен Баткен облусуна жөнөгөнү белгилүү болгон. Мындай чечим жабык жыйында кабыл алынганы айтылган.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан 63 кыргыз жараны мерт кетти. Ал эми жабыркагандардын саны 206ны түздү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаров УКМК башчысы парламентке «курал-жарак алып келгенин» айтты