«Жакшылык». Баткенде төрөлгөн жети миллионунчу жаранга 1 миллон сом депозиттик эсеп ачылды

19-октябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлгөнүн сүйүнчүлөрдү.

Ал эми президенттин басма сөз кызматы ымыркай 19-октябрда, саат 02:10до Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесине балага Жакшылык деген ысым ыйгарууну сунуштады.

«7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 40 жашта. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы — 3,9 кг, бою — 54 см», — деп айтылат маалыматты.

Аны менен катар, Садыр Жапаров ымыркайга бир миллион сомдук депозиттик эсеп ачууну тапшырды.

Буга чейин Улуттук статком алдын ала эсептеп, Кыргызстанда жети миллионунчу жаран 20-октябрга чейин жарык дүйнөгө келерин белгилешкен.

Кыргызстанда 6 миллионунчу жаран Айлин Кожошева 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Өлкөдө калктын саны жети жылда бир миллонго көбөйдү.

Ал эми беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Тема боюнча:

Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Ош шаарында төрөлдү