Бир цитата менен: Акылбек Жапаров президент өлкөнү жаркын келечекке алып баратканын айтты

Минкадын төрагасы Акылбек Жапаров биринчи Элдик Курултайдын ачылышында сөз сүйлөдү. Ал сөз баштап жатып президент Садыр Жапаровго токтолду.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, урматтуу эл өкүлдөрү жана замандаштар. Президентибиз бизди жолубуз айкын, келечегибиз жаркын, чек арасы так эли ток мамлекетке алып баратат», — деди Жапаров.

Ал «ушул жолдо биринчи Элдик Курултайдын делегаттары ийри отуруп, түз кеңешип салмактуу сунуштар менен мамлекетке салым кошот» деп ишенерин да кошумчалады.

Тема боюнча: Чыңгызхандын доорундагы парламент. Жапаровго Элдик Курултай эмне үчүн керек?