Юрист Нурбек Токтакунов Kaktus.media’га курган маегинде бийлик Курултайдын сунуштары менен «мамлекеттик аппараттын кызыкчылыгын адам эркиндигинен жогору коюп», ошону менен «террорго негиз» даярдап жатат деп айтты.
«Алар амалкөй маневр жасап жатышат. Себеби биздин, тилекке каршы, караңгы элибиз үчүн коомдук кызыкчылык — элдик кызыкчылык катары, ал эми жеке кызыкчылык — пайда көрүү кызыкчылыгы болуп көрүнөт. Алар ушундай маневр жасап жатышат. Бирок “коомдун кызыкчылыгы” дешкендей мамлекеттик аппараттын кызыкчылыгын айтышкан болот», — деди Токтакунов.
Курултайдын Жогорку Кеңешке сунуштарында эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун кабыл алууда «адамдын жеке кызыкчылыгына караганда коомдун кызыкчылыгы жогору» турушу керек деп айтылган.
Юристтин айтымында, резолюциянын дагы бир маанилүү бөлүгүнүн бири бул маалыматтык коопсуздук, ал болжолдуу Кемпир-Абаддын айланасында пайда болгон жагдайга байланыштуу.
«Алар ушул мамлекеттик кызыкчылыкка жана сырга таянып, баарын талдуу жеринен кармап, баш ийдирип алыш үчүн террорго негиз даярдап жатышат», — деп эсептейт Токтакунов.
Юрист президент Садыр Жапаров мамлекеттик аппараттын кызыкчылыгын адамдын жеке эркиндигинен, «демек, коомдук кызыкчылыктан да» жогору коюп «диктаты менен өз билемдигин толук кандуу бекемдеп жатат» деп билдирди.
Ошондой эле Токтакунов Курултайда добуш берүүнүн жыйынтыктарынын баары бир добуштан колдоого алынды деп жарыяланганын, болбосо делегаттардын добуштарын эч ким санабаганын жазды.
«Кыргыздар абдан уникалдуу прецедент түзүштү: эми ким кандай добуш бергени маанилүү эмес, добуштарды санап кереги жок, олуттуу түр көрсөтүп жыйынтыгын жарыялап, протоколго чиймелеп койгон маанилүү», — деп жазды Токтакунов.
Курултайдын резолюциясы
Миңден ашык делегат катышкан биринчи Элдик Курултайдын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынган. Резолюцияда парламент, аткаруу жана сот бийлиги үчүн да сунуштар берилген.
Резолюцияда «Кыргыз Республикасы толук эгемендикке ээ болушу үчүн саясий-экономикалык өнүгүүгө гана көңүл бурбастан, аймактык бүтүндүккө жана көз карандысыздыкка толук жетишүүсү зарыл» деп белгиленген. Буга байланыштуу алар бийликке коңшу өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде чечип, делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүүнү сунушташкан.
Ал эми Жогорку сот менен Башкы прокуратурага жарандардын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу сунуштары айтылган.
Резолюциянын аягында «учурда президент Садыр Жапаровдун, мамлекеттик бийликтин эл менен биргелешкен күч аракети жана коомдогу прогрессивдүү күчтөрдүн активдүү катышуусу менен Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна чыгаруу боюнча жетишерлик шарттар даярдалганы» белгиленген.
Элдик Курултай институту 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген Конституцияда коомдук-өкүлчүлүктүү чогулуш катары жазылган.
Тема боюнча: Чыңгызхандын доорундагы парламент. Жапаровго Элдик Курултай эмне үчүн керек?