«Кредит алдык». Президенттин карындашы жеке өзүнүн кийим-кече брендин ишке киргизди

Президент Садыр Жапаровдун 22 жаштагы карындашы Лазат Нуркожоева «Lamonte» деп аталган жеке өзүнүн кийим-кече брендин ишке киргизди. Атасы Дөөлөтбек Жапаров журналисттерге бизнести ачууга акчаны насыяга алышканын түшүндүрдү.

Ал эми Нуркожоева өзү Instagram’да Sheraton отелинин негиздөөчүсүнө ыраазычылык билдирип, отелди башкы өнөктөш катары көрсөткөн. Президенттин карындашынын жаңы брендинин бет ачары дал ушул мейманканада өткөн.

Tripadvisor.ru’нун маалыматына ылайык, Sheraton «Бишкектеги эң мыкты люкс отелдердин бештигине» кирет.

«Бул идея биз тигүү тармагында көп жылдан бери жүргөндүктөн мурда эле бар болчу. Биз Бурсага10 көйнөк алып бардык. Ага чейин уюштуруучулар көйнөктөрүңүздөрдүн эскиздерин жөнөтүңүздөр деди. Ошондо аларга жакты, анан бизди чакырышты. Демөөрчүм барыңыздар билгендей эле менин ата-энем», — деп Нуркожоева SuperTV’нын кабарчысына айтып берди.

Атасы Дөөлөтбек Жапаровдун айтымында, бизнес үчүн насыяны президент менен тууганчылыгын аралаштырбай эле алышкан.

«Президенттин туугандары мамлекеттик банктардан 4-9 же 6 пайыздык насыяларды алышса керек деп ойлоп калышы мүмкүн элдер. Бирок биз кадимки эле коммерциялык банктан, эл катары эле кредит алдык. Жакшы эле сумма алдык [...] Жолдошум, аты Гүлжанат, тигүү цехи бар мурдатан эле. Эки кызым, Лазат да, Элзат да ошол жерде иштеп жүрүп, таланттары чыкты. Азыркы көргөзмөдөгү көйнөктөрдүн көбүн өз колдору менен тигишкен», — деди ал.

Ошондой эле Жапаров көпчүлүк эл президенттин иниси да тигүү цехин иштетеби деп таң калып жатканын айтты.

«Өткөндө бирөөлөр менен сүйлөшүп жүрүп, үйгө кирип чай ичкиле десем, “Байке [тигүү] цехин иштетесизби” дейт, ооба десем президенттин иниси болгондон кийин жаап салбайт белеңиз дейт. Биз байкем [Садыр Жапаров] президент болгонго чейин эле иштетип келгенбиз. Азыр деле ошол боюнча иштетип жатабыз. Анын эч кандай уяты жок», — деди Жапаров.

Лазат Нуркожоева — модель жана Кыргызстан сулуусу 2020 сынагынын да жеңүүчүсү катары таанымал.

«Кыргызстан сулуусу 2020» сынагында жеңиши үчүн баш байге катары Нуркожоева BMW X5 унаасын алган.Өткөн жылы Нуркожоева туулган күнүн дүркүрөтө тосуп коомчулуктун көңүлүн бурган.