«Эң жакшы жыл». Садыр Жапаровдун карындашы туулган күнүн белгиледи

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы — Лазат Нуркожоева — 9-октябрда туулган күнүн дүркүрөтө тосту. Бул тууралуу Нуркожоева өзү Instagram барагында жазды.

Туулган күнү тууралуу постунда Нуркожоева бул жыл ал үчүн «эң эле жакшы» болгонун белгилеген.

Туулган күнүн президенттин карындашы борбор калаадагы Novotel отелинде белгилеп, бир катар блогерлер конок катары чакырылган. Ал эми Supertvkg басылмасы иш-чарадан фоторепортаж даярдаган.

Нуркожоева Supertvkg’ге курган маегинде өткөн жылы туулган күнүн Садыр Жапаров үзөңгүлөштөрү тарабынан колониядан бошотулуп чыкканда аянтта тосконун айтып берген.Нуркожоева президенттин тууганы экенинен тышкары өткөн жылы бийлик алмашкандан кийин декабрда «Кыргызстан сулуусу 2020» сынагында жеңүүчү болуп таанылган.

Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова Sputnik Кыргызстанга курган маегинде сынакка кастинг 2020-жылдын сентябрь айында, тагыраагы, өлкөдө бийлик алмашканга чейин эле өткөнүн айтып берген. «Кыргызстан сулуусу 2020» конкурсунда жеңгени үчүн байге катары Нуркожоева BMW X5 унаасын алган.

Кийин 2021-жылы конкурста Нуркожоеванын жеңишине байланыштуу талаш жаралган. Көрсө, Кыргызстанда «Кыргызстан сулуусу» расмий сулуулук конкурсу бар экени, андан жеңишке жеткен кыздар эл аралык «Дүйнө Сулуусу» конкурсуна катышууга жолдомо алышары белгилүү болгон. Бирок Лазат Нуркожоева жеңген сынактын тийиштүү лицензиясы жок болгондуктан ал «Дүйнө Сулуусу» конкурсуна Кыргызстандын атынан бара алган эмес.

Ага карабай Нуркожоева «Аалам сулуусу» эл аралык сулуулар конкурсунда өлкө намысын коргоону көздөп жатканын билдирген.

Лазат Нуркожоева Дөөлөтбек Жапаровдун — Садыр Жапаровдун иниси — кызы. Ал Кыргызстанда модель катары белгилүү.