Айнагүл Самиева. Сүрөт: «Акипресс»

Ош шаарынын тургуну Айнагүл Самиева атасы каза болгон соң мүлк өндүрө албай жатканын айтууда. Ал «аталаш эжем жок жерден айыптап, үстүмдөн иш козголгон» дейт. Экинчи тарап болсо окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Эмне болгон?

Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну Айнагүл Самиева ИИМдин ардагери, акын жана жазуучу Маматибраим Самиевдин кызы. Самиев 2020-жылы 13-декабрда коронавирустан каза тапкан.

Самиеванын айтымында, атасынын төрт аялынан жалпы 10 бир тууганы бар. Киши каза болгон соң туугандары атасынын жылы өткөндөн кийин мүлк бөлүштүрүлөрүн айтышкан.

Ал эми бир жылдан кийин мүлк 6 айдын ичинде атасынын биринчи аялы Бегаим Самиевага өткөнү, ал аны кызы Бактыгүлгө өткөрүп бергени белгилүү болгон.

Буга байланыштуу мүлк бир туугандардын арасында талашка түшүп, пикир келишпестиктер жаралган.

«Атам бар кезде эч кандай талаш-тартыш болгон эмес, катташып чай ичип жүргөнбүз. Анын каза тапканын туугандарыбыздын эч кимиси кабар берген жок, ал жерде талашып-тартышкан жокмун. Кыркын өткөргөндөн кийин башка балдары “үйлөнөт элем, окушум керек эле, мурас боюнча сөз айтпайлыбы” деп улуусу катары мага кайрыла башташты. Мен анда “эжем атамдын жылдыгы өткөндө баарын чечебиз деген” деп койгом. Жылдыгы өткөн соң быйыл 14-январда нотариуска барсам, атамдын биринчи аялы Бегаим Самиева “бир эле кызым бар” деп мүлктүн баарын өзүнө өткөрүп алыптыр», — дейт ал.

Ошол эле күнү ал Бегаим Самиева менен нотариуста жолугуп, экөө уруша кеткенин айтат.

«Ошол күнү ал келип, “мен кимиңерге жеткирем? Сен эч ким эмессиң, ДНКдан далилдешиң керек, жалаптын кызы” деп акаарат айтып, [...] ачууланып, баштыгы менен уруп, тепкилей баштады. Мен да өзүмдү кармана албай, бутум менен анын бут жагына жооп болуп кетти. Айткан сөздөрүнө ызаланып, баарын телефонго жаздырып алдым. Ошол эле күнү алар милицияга арызданышыптыр», — деп билдирди Айнагүл Самиева.

Бул окуядан кийин ал милицияга чакырылган, бирок иш мүлк бөлүштүрүүгө байланыштуу болгондуктан токтотулган. Ал эми Айнагүл Самиева өзү «жаракат алганына карабай ишти сот аркылуу чечүү үчүн милицияга арыз жазбаганын» айтат.

Ошондой эле ал буга чейин атасынын биринчи турмушундагы уулу тарабынан коркутуп-үркүтүүгө кабылганын кошумчалады.

Андан соң Айнагүл Самиева үстүбүздөгү жылдын февраль айында сотко кайрылып, мыйзам боюнча мураска болгон укук күбөлүгүн жараксыз деп табуу жана мурасты өткөрүп алуу мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу арыз жазган.

Отурумдан кийин Бегаим Самиева экспертизадан өтүп, анын негизинде Айнагүлгө «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Самиева бул иш аны «татыксыз мураскер» атоо үчүн «жасалмаланган» деп айтууда.

Учурда Айнагүл Самиеванын арызы боюнча иш токтотулган. Ал эми Бегаим Самиеванын жазган арызынын негизинде Айнагүл эки жылга шарттуу кесилди. Мындай чечимди 28-ноябрда Ош шаардык соту кабыл алды.

«Эч ким мыйзам менен эсептешпей жатат. Ошто кичинекей конторада отуруп алышып, ишти бурмалап бүтүрүп коюп жатышат. [...] Менин ишимде далилдерди кайра кароону, ачык-айкындуулукту талап кылам?», — деди ал.

Тараптар эмне дейт?

Экинчи тарап «Клоопко» окуяга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин Самиеванын окуясын «Т-Медиа» басылмасы чагылдырган. Анда юрист Максат Жорокулов мүлк адамдын бардык балдарына бирдей бөлүштүрүлүшү керек экенин белгилеген.

«Негизинен соттор мындай учурларда баарына эле тең бөлгөнгө аракет кылат. Бир гана маселе, убактыларын өткөрүп келишет. Мыйзам боюнча мүлктүн ээси каза болуп калгандан алты ай өтпөй балдары же жубайы арыз таштап коюшу керек. Антпесе мөөнөтү өтүп кетти деген негизде сотто кабыл алынбай калышы мүмкүн», — деген ал.

Ал эми Ош шаардык сотунан иштин жагдайлары боюнча кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМдин ардагери, акын жана жазуучу Маматибраим Самиев каза болду