ИИМдин ардагери, акын жана жазуучу Маматибраим Самиев каза болду

Ички иштер министрлигинин ардагери, отставкадагы полковниги, акын жана жазуучу Маматибраим Самиев 13-декабрда оорудан улам каза болду. Ал 67 жашта эле.

Маалыматты журналист Тургунбай Алдакулов тастыктады.

«Чыгаан коомдук ишмер, көп кырдуу талант ээси Маматибраим Самиевдин жаркын элеси кыргыз элинин тарыхында кылымдарга сакталат», — деп жазды ал.

Маматибраим Самиев Ош облусунун Өзгөн районунда төрөлгөн.

1983-жылдан тарта ички иштер органдары тармагында эмгектенип, катардагы милиция кызматкеринен подполковник наамына чейин жеткен.

2006-жылы Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.

Ал техника илимдеринин кандидаты, Ош технологиялык университетинин курулуш кафедрасынын доценти жана Улуттук илимдер академиясынын жаратылыш байлыктары институтунун улук илимий кызматкери болгон.

Ошондой эле ал Манас изилдөөчүү, бир канча тарбиялык, тарыхый, көркөм, поэтикалык жана илимий чыгармалардын автору болуп, «Маданияттын мыктысы» төш белгисин алган. «Манас» эпосун изилдөөдөгү салымы үчүн Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Үзүрлүү эмгеги үчүн ИИМдин медалдары жана Улуттук илимдер академиясынын, журналисттер союзу менен жазуучулар союзунун ардак грамоталары менен сыйланган.

Мындан сырткары ага Эл аралык «Мустафа Кемал Ататүрк» коомдук фонду тарабынан «ХХI кылымдын мыкты коомдук жана саясий ишмери» алтын медалы ыйгарылган.

Маркум дээрлик бүт өмүрүн ИИМге жана адабиятка арнады.