Депутат Жеңишбек Токторбаев депутаттарга карата Башкы прокуратуранын мыйзам бузууларын иликтеп, укуктук баа бере турчу комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында айтты.
«Биз, кесиптешим экөөбүз прокуратурадагы коррупция тууралуу сөз сүйлөгөндөн кийин суракка алып кетишти. Башкы прокуратура колундагы эбегейсиз бийликке манчыркап, өзүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев абдан көп реформаларды жасады, бирок ага карата жети кылмыш иши козголуп, түрмөдө отуруп чыкты. Кийин кайра кыскартылып кетти. Буга моралдык жактан ким жооп берет?» — деди депутат
Токторбаев прокуратуранын кызматкерлери депутаттарды мажбурлап суракка алып кетип жатканын айтып, «бул мыйзамды сыйлабагандыкпы же мыйзамды түшүнбөгөндүкпү» деп суроо салды.
Ошондой эле ал башкы прокурорду президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш гана дайындап, кызматтан алып коё аларын эскертти.
Токторбаев менен Атазовдун сурагы
Депутат Шайлообек Атазов парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында прокуратуранын айрым аймактардагы бөлүмдөрүдө коррупция бар экенин айткан.
Кесиптешинин айткандарын Жеңишбек Токторбаев да колдоп, көзөмөл органында коррупция бар экенин белгилеген. Ал «прокуратуранын ыйгарым укуктарына тергөө киргенден кийин ажыдаарга айланып кетишти» деп билдирген.
Ошол эле күнү эл өкүлдөрү жыйында айткандары боюнча күбө катары суракка чакырылышкан. Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында Токторбаев менен Атазов суракка чакырылганына нааразы болуп, прокуратуранын аракети «Конституцияга каршы келет» деп белгилешкен.
Ал эми парламент т өрагасы Нурлан Шакиев депутаттардын суракка алынганы боюнча маалымат берүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевди жыйынга чакырган.
Укуругу кыйла узун Башкы прокуратура
Башкы прокуратура 2021-жылдын 5-майында жаңы Конституция кабыл алынганда кылмыштарды тергөө укугуна ээ болгон. Андан соң көзөмөл орган Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстерге жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, аларды негизги мыйзамга шайкеш келтирүүнү сунуштаган.
2021-жылдын 1-декабрынан тартып өзгөртүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн Башкы прокуратура өзү демилгелеген жаңы Жазык кодекси күчүнө кирген.
Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.
Мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун 70%ы «укук коргоо түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болгон» күч кызматкерлери менен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган. Ал турган жыйындарга «талкууланып жаткан маселелерди туура эмес түшүнүп алышат» деп журналисттерди да катыштырбай коюшкан.