Декабрдын башында «Клоопко» Катар мамлекетинен келген дарыгерлер акысыз операция жасаган кулагы укпаган жана угуусу начар балдардын ата-энелери кайрылды.
Алар 2022-жылдын май айында катарлык врачтар Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 54 балага операция жасаганын айтып, бирок убадаланган реабилитация үчүн делген акча 7 айдан бери которулбай жатканына нааразы.
Ата-энелердин айтымында, каражат бөлүү кечигип жатканына Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерованын тиешеси бар. Ал эми Маймерова айыптоолорду четке кагып, реабилитацияга жооптуу эмес экенин билдирди.
Ата-энелер эмне дейт?
Катар мамлекетинин эсебинен турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдөн 54 балага операция жасалган. Ар бир балага угууну калыбына келтирүүчү кохлеардык имплант коюу үчүн кеминде 1 миллондон сомдон ашык каражат жумшалган.
Жети-Өгүз районунун Кеңеш айылынын тургуну, беш баланын энеси Тумар Намазованын уулуна дагы имплант коюлган. Ал баласынын угуусун калыбына келтирүү 99% реабилитациядан көз каранды экенин айтууда.
«Эгерде операциядан кийин баланы окута албасак, операциянын баасын төлөйт экенбиз. Биз деле балабыздын сүйлөшүн каалайбыз. Эмне деген эмгек менен ушундай операцияга жеттик. [...] Ошончо операция жасатып алып, сүйлөбөй отурса [жаман эле да]. Булар эң эле күчтүү наркоз алышты. Операциясы эки саатка созулду. Эгер реабилитациядан өтпөсө балдар укпаган бойдон калат», — деп кейиди ал.
Намазова «Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерова ата-энелерди балдарын «мен айткан гана окуулардан [реабилитациядан] өтөсүңөр деп кыйнап жатат» деп айтып жатат.
«Маймерова Бишкекке көчүп келишиңер керек. Биз айткан гана окуулардан өтүшүңөр керек деп кыйнап жатат. Азыр акчаны өзүбүз төлөп жатабыз. Айына баланын окуусуна 6 миң, жол киреге 3 миң сом короп жатат. Баланы көргөзүп жатып акыры бир айда 10 миң сомго жетип кетет. Шаарга барсак андан көп кетет да. Батирдин ижарасы канча», — деди ал.
Таластын алыскы айылында жашаган Асыл (аты-жөнү өзгөртүлдү) баласына операция жасалганча Бишкекте батирде жашап жүргөн. Бирок бир жылга чукул жашаган соң акчасы түгөнүп, жеке көйгөйлөрүнөн улам айылга кайтууга аргасыз болгонун айтат. Ал учурда бир аптада эки жолу гана, өз акчасынан төлөп реабилитациядан өтүп жатышканын айтты.
«Окутуудан өтпөсө бала сүйлөй албай, психологиялык жактан артта калат. Биздин балдарды мектепке алышпайт. Азыр үч жарым жаштагы кызым алты айлык баладай угуп жатат. Жаңыдан “апа, ата” деп калды. Атынан чакырсак эми карап баштады. Эгер жакшы реабилитация кылса жакшы жыйынтык болот экен. Бала толук кандуу сүйлөгүчө, жада калса 11-класска чейин окутуудан өткөрөт экенбиз», — дейт Асыл.
Гүлзат Маймерова эмне дейт?
Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерова «Клоопко» аталган ооруканада балдарга «операция гана жасала турганын» айтты. Анын айтымында, борбор «реабилитацияга жооптуу эмес».
«Эгер ал балдар ооруп калса, медициналык жардам керек болсо, эч качан жок дебейбиз, карайбыз. Реабилитацияга мен жооптуу эмесмин, анан калса, ал биздин тармак эмес. Биз колдон келген жардамдарды берип жатабыз, операциясын жасап бердик. Аудиологдор карап жатат. Андан тышкары мен эч нерсе кыла албайм», — деди ал.
Борбордун жетекчиси ата-энелердин «Маймерова балдарды белгилүү бир жерден реабилитациядан өткөрүүгө мажбурлап жатат» деген айыптоосун четке какты.
«Менин ордумда сиз болсоңуз, сиздин чөнтөгүңүздө бир сом акча жок болсо, реабилитацияга жооп бере албасаңыз, анан ошол сөздү айтат белеңиз? Албетте, айтмак эмессиз. Жообум ошол» — деди ал.
Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» балдардын реабилитациясына каражат бөлүү боюнча Катар мамлекетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, макулдук алышканын айтты.
Ал реабилитация үчүн министрлик жалгыз жооптуу эмес экенин билдирди. Зарыл болгон укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн саламаттык сактоо, билим берүү жана эмгек, социалдык өнүктүрүү министрлигинен түзүлгөн ведомстволор аралык топ иштеп жатканын белгиледи.
«Бөлүнгөн суммага логистикага жана реабилитатордун кызматына кеткен чыгымдар кирет», — деди ал.
Айгерчинова акчанын «тез арада бөлүнүшү үчүн иштер жүргүзүлүп жатканын» айтып, «кийинки жылы сөзсүз бөлүнө баштайт» деп убадалады.
Тема боюна:
Видео: Оштун кулагы укпаган тургуну туристтер үчүн кантип хостел ачкан?
Триатлон спорт түрүнүн балбаны Жалалдин Абдувалиев: Караңгыдагы күлүк