«Трагедия жасаштын кереги жок». Садыр Жапаров жаңы тик учактарды ижарага берүү тууралуу

Президент Садыр Жапаров бийликтин Airbus H145 жаңы тик учагын байларга же туристтерге ижарага берүү чечиминен «трагедия жасаштын кереги жоктугун» билдирди. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги жазды.Бул билдирүүсүн президент октябрь айында тойго барыш үчүн бир күнгө тик учакты ижарага алып кеткен экс-депутат Азамат Арапбаевди талкуулоонун шартында жасады.

2017-жылы Tazabek басылмасы экс-депутат Азамат Арапбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын эң бай депутаттарынын бири болгонун жазган. 2019-жылы ал 33 млн 922 миң сом киреше тапкан. Ал эми 2020-жылы экс-депутаттын жеке кирешеси, декларацияга ылайык, 54 млн 405 миң сомду түзгөн.

«Өткөндө бир ишкер ӨКМдин тик учагын ижарага алып, Чаткалга барып келсе, “ар ким той-топурга учсун деп алдык беле, бул тик учакты?” деп сындап чыккандар болду. Бул жерде тик учакты ижарага алып, төлөгөн акчалар мамлекетке түшүп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Башка жеке компаниялардан жалдап, каражат жеке жактарга түшкөнчө, мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшы эмеспи. Андыктан, биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек», — деп билдирди Жапаров.

Тема боюнча: «ПолитКлиника»: Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагын ижарага алып тойго барган

Бирок кымбат баалуу геликоптерди сатып алуунун башкы максаты аны куткаруу операцияларында колдонуу деп ишендирди президент.

«Мисалы, өткөндө Тажикстан менен окуя болгондо мурдагы алган тик учагыбызды колдонуп, тоо арасында адашып кеткен аскерлерибизди издеп жүрүп, куткарып алдык. Тик учак болбогондо, алар кандай күндү көрүшмөк, ким билет. Эки күн дегенде араң таптык. Тик учактын пайдасынан башка зыяны жок. Мындан сырткары, аскерий тик учактарыбыздын баарын оңдодук», — деди ал.

Ошондой эле президент 2023-жылы өлкөгө дагы бир тик учак алып келинерин, аны Орусия жардам катары берерин кошумчалады.

«Кудай буюрса, Россиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз», — деп жыйынтыктады сөзүн Жапаров.

Жапаров жана анын басма сөз кызматы жаңы тик учактын баасын айтышкан эмес, бирок, ачык булактардагы маалыматка ылайык, Airbus H145 9,7 млн доллар же 824 млн сомдон кем эмес турат.

ӨКМ ушул жылдын августунда да жаңы Airbus H-125 тик учагын сатып алган. Ал төрт кишиге ылайыкталган. Анда вертолёт жана 34 атайын техника үчүн Кыргызстан 384 млн сом төлөп берген.