«ПолитКлиника»: Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагын ижарага алып тойго барган

«ПолитКлиниканын» журналисттери экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барганын аныкташты.

Басылманын маалыматына караганда, EX-88010 номурундагы тик учак 16-октябрь саат 08:34тө Бишкектен чыгып кетип, ошол эле күнү саат 10:44 чамаларында Чаткал районунун аймагына кирип бараткан. Андан кийин радар маалыматты көрсөтпөй калган. Ал эми саат 18:00дө ал кайрадан Бишкекке келип конгон.

«ПолитКлиника» Арапбаев ӨКМден Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учакты ижарага алганын белгиледи. Аталган тик учак ушул жылдын 13-августунда алынган атайын техникалардын арасында болгон.

Сүрөт: «ПолитКлиника» басылмасы

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тик учак «Еврокоптер Казахстан инжиниринг» компаниясынан 280 млн сомго сатылып алынган.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 17-октябрда өткөн пресс-конференцияда ведомствонун тик учагын жеке жактар дагы ижарага ала алышарын жана бул кызматка белгиленген атайын баалар бар экенин айтты

«Быйыл француз өндүрүшүндөгү Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учакты президенттин тапшырмасы менен 2 млн 730 миң еврого сатып алганбыз. Тик учактын бир сааттык иштөө чыгымы 2 300 долларга барабар», — дейт Ажикеев.

Министрдин айтымында, ижара акысынан түшкөн акча мамлекеттик бюджетке кетет.

«Кечээги окуя боюнча, бул кызмат үчүн 800 миң сом алдык. Учуу убактысы 4 саат 16 мүнөттү түздү», — деп кошумчалады министр.

Ажикеев ӨКМдин тик учактары өзгөчө кырдаалдар учурларында акысыз кызмат көрсөтөрүн белгиледи.

Экс-депутат Азамат Арапбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын эң бай депутаттарынын бири болгон. 2019-жылы ал 33 млн 922 миң сом киреше тапкан. Ал эми 2020-жылы экс-депутаттын жеке кирешеси, декларацияга ылайык, 54 млн 405 миң сомду түзгөн.

Арапбаевдин кирешесинин жалпы суммасы эки жылда 88,3 млн сомдү түзгөн. Бул убакыт аралыгында депутаттын туугандары 198 млн сом киреше көрүшкөн.

Буга чейин «Азаттык» Арапбаевдин «Гром» деп аталган күзөт агенттиги жана ошондой эле аталыштагы спорт клубу бар экенин жазган. Бирок экс-депутат бул маалыматты четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Стивен Сигал, Ингрид, Валдис Пельш. Экс-депутат Азамат Арапбаев уулунун үйлөнүү тоюн өткөрдү