Шектүүнүн жакындары. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген кишинин жакындары ал маркум тарабынан зордукталганын айтып, тергөөнүн жүрүшүнө нааразычылык билдиришти. Алардын айтымында, окуяга маркумдун досунун тиешеси бар. Ал эми милициядан экспертизалар жүргүзүлүп, учурда соттук териштирүү жүрүп жатканын белгилешти.

Эмне болгон?

Ош шаардык милициянын «Клоопко» берген маалыматы боюнча, 2022-жылы 22-июлга караган түнү мас абалдагы Эламан Жаңыбай уулу Ош шаарынын Исанов көчөсүндө 31 жаштагы Исламбек Дадаев менен таанышып, экөө спирттик ичимдиктерди сатып алышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, экөө бир батирге барып, ичимдик ичкенден кийин Жаңыбай уулу бөлмөдө уктап жаткан Дадаевди «эч бир себеби жок ашканадагы бычак менен анын өмүрүнө кол салуу максатында моюнунун оң тарабына бычак сайып», ал жеринде каза тапкан.

Окуядан кийин шектүү батирдин терезеси аркылуу качып, из жашырууга аракет кылган жеринен Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү Жаңыбай улууна «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн жакындары эмне дейт?

Дастанбек Дүйшеев. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

Учурда киши өлтүрүүгө шектелип жаткан 29 жаштагы Эламан Жаңыбай уулунун жакындары 8-февралда маалымат-жыйын уюштурушту. Анда шектүүнүн агасы Дастанбек Дүйшеев журналисттерге кайрылып, окуя болгон түнү инисин бейтааныш бирөө үйүнө тамактанууга чакырганын билдирди.

«Үйүндө иниме сылык сүйлөп, ичимдик ичиргенден кийин анын көзү тумандап, сыртка чыгып кете аларына көзү жетпегенинен аны бөлмөгө жаткызып койгон. Иним сотто: “Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, көп өтпөй артыман бычак сайгандай болду, катуу чочуп кыйкырып ойгонуп, бирок үнүм чыкпай өңүм же түшүм экенин аныктай албай жаттым. Каршылык көрсөткөнүмө карабастан зордуктап жатты, мен колума тийген нерсе менен ургулап, акыры томпок, учтуу нерсе менен чапканда коё берди”, — деп айтып берди», — деп билдирди шектүүнүн агасы.

Анын айтымында, иниси башка бөлмөгө качып кирип, ичинен бекитип алганда эшикти тепкиленип, бөлмөдөн кыйкырыктар угулган. Ал 2-кабатта жайгашкан батирдин терезесинен секирип түшүп, бир аз баса бергенде жол кайгуул кызматкерлерине кармалган.

Дүйшеев соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бурмаланганын айтып, акыйкат чечимге ишеними азайып баратканын билдирди.

«Экспертизанын 2022-жылдын 8-августундагы корутундусуна ылайык, инимдин денесинин арткы тешигинен 0,7 см жарака кеткени аныкталып, ал “эрекция абалындагы жыныстык мүчөнүн таасиринен” экенин көрсөткөн. Бирок кийинчерээк кайрадан соттук экспертиза бурмаланып, “геморрой” деп чыгарып коюшкан. Буга ким кызыкдар болду? Биз акыйкаттуулукту каалайбыз, жогору жак карашсын», — деди ал.

Батма Дүйшеева. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

Аны менен катар шектүүнүн эжеси Батма Дүйшеева окуя болгон жерде үйдүн ээси Арзымат Аланов аттуу Ош шаарынын тургуну да болгонун, анын соттогу көрсөтмөлөрүндө «шектүү жагдайлар» бар экенин айтты.

«Иним айтып жатат, “мен ошентип өзүмдү коргоп аркы комнатага кирип кеткенимде бири-бири менен ызы-чуу болуп жатышкан” деп. Мында мен жалаа жапкандай болбоюн, бирок бул иште маркумдун достору шектүү болуп жатат. Себеби, Арзыматтын маркумга карызы бар экени сотто билинди. Ал жерде маркумдун атасы Арзыматтан күмөн санап жатканын айтып, “акчасын бербештин айласын кылгандыр” деп айткан. Ошентсе деле иш бурмаланып, иним 7 айдан бери негизсиз абакта жатат», — деди Дүйшеева.

Эламан Жаңыбай уулунун жакындары ишти акыйкат чечип берүүнү суранып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Алановдун версиясы

Арзымат Аланов

Ал эми окуя болуп өткөн үйдүн ээси, маркум Исламбек Дадаевдин досу, журналист Арзымат Аланов «Клоопко» комментарий берип, соттук териштирүүдө окуяга күбө катары гана көрсөтмө бергенин белгиледи.

«Тигил [Эламан Жаңыбай уулу] маркум Дадаевди өлтүрүп качып бара жаткан жеринен кармалган. Мен алардын үйгө келгенин көргөн деле эмесмин, уктап жаткам. Алардын үйгө кантип киришкени деле мага белгисиз. Маркумдун сөөгүн көрүп, коңшуларга айтып жардам чакыргам. Ал менин группалашым болчу, ал эми шектүү Эламанды тааныбайм. Экөөнүн ортосунда конфликт жаралдыбы, буга эмне себеп болгонун билбейм», — деп билдирди Аланов.

Ал окуя болгонго чейин эч кандай үн укпаганын, ошондой эле маркумга эч кандай акчалай карызы болбогонун кошумчалады.

«Шектүүнүн жакындарынын максатын билбейм, менин түшүнүгүм боюнча, алар мени күнөөлөгөндөй сүйлөп жатышат. А бирок тергөөнүн жүрүшүндө баары аныкталган. Алар айтып жаткан акчаларга тиешем жок, Исламбекке менин аласам да, бересем да жок болчу», — деди ал.

Милиция эмне дейт?

Милициядан соттук-медициналык экпертизанын 2022-жылы 5-августтагы корутундусу Жаңыбай уулунун «денесинин арткы тешигинин жарака кеткен жери, эрекция абалындагы жыныстык мүчөнүн таасиринен болушу мүмкүн экенин» көрсөткөнүн тастыкташты.

Ошондой эле аталган жаракаттар «ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил жаракат» экени аныкталган.

«[Жаңыбай уулу] көрсөтмөсүндө аны Дадаев зордуктап койгондон кийин ал бычак сайып салганын билдирди. 2022-жылдын 26-июлунда Жаңыбай уулунун Дадаев аны зордуктап салганы тууралуу арызы Ош ШИИБнин электрондук журналына катталып, сотко чейинки текшерүү иши башталган», — деп милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 11-августта Эламан Жаңыбай уулунун арызынын негизинде материал «Адам өлтүрүү» ишинен бөлүнүп алынып, «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренесинин негизинде иш козголгон.

Бул иш боюнча кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын ошол эле жылы 4-октябрындагы корутундусунда арыз ээси «биринчи даражадагы өнөкөт ички геморрой дарты менен жабыркаганы» аныкталган.

Жаңыбай уулунун жактоочусу аталган корутундуларга макул эмес экенин айтып, ошол жылы 24-октябрда Бишкек шаарындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда экспертиза өткөрүнүү өтүнгөн. Бирок арыз ээси кылмышка айыпталып жатканына байланыштуу аны алып барууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Экспертизаны Ош шаарында өткөрүү үчүн аталган борборго кат жолдонгону менен арыздануучу экспертиза өткөрүлүүчү жайга алып барылбаганы үчүн иш артка кайтарылып, 2022-жылдын 29-декабрында «жосунда кылмыш курамы болбогонуна» байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Ал эми 2022-жылы 20-октябрда «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин квалификациясы өзгөрүп, иш Ош шаардык прокуратурасына соттук кароого жиберилген. Учурда соттук териштирүүлөр өтүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айылдаштары тарабынан зордукталган киши иштин кыскартылганына нааразы болуп, акыйкаттык издейт