«Ооруканада каза болгон». Майыптар арабасындагы кишини каналга түртүп салды делген шектүү кармалды

Шектүү. Сүрөт: Бишкек ШИИББи.

Бишкек шаардык милициясы майыптар арабасындагы адамды каналга түртүп жиберген делген 30 жаштагы шектүүнү кармады. Жабырлануучу алган жаракатынан улам оорканада каза болгон.

Маалыматка ылайык, 23-мартта №4 шаардык клиникалык оорукананын кызматкерлери 35 жашатагы киши омуртка сөөгү сынып, каза болгону тууралуу милицияга кабар берген.

Жерине барган ыкчам-тергөө тобу маркум Бишкектеги Рыскулов жана Заводской посёлок көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдан табылып, ооруканага жеткирилгенин аныкташкан.

Шаардык милиция жарыялаган видеодон бейтааныш адам арабадагы кишини каналга күч менен түртүп жиберип, басып кеткенин көрүүгө болот.

Бул боюнча «Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү караты 40 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.