Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоонун боорунда дарактар гүл ачып, көк шибер төшөлүп жаз келди.
Аталышы «Сулайман падышанын тагы» деп чечмеленип, жергиликтүү калк тарабынан ыйык деп эсептелген тоонун жаз мезгилиндеги кооздугун Орозгүл Аташова тарткан сүрөттөрдөн көрүңүз.
Сулайман-Тоо — ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилип, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон.
Анын узундугу 3 километр, туурасы 1,5–2 километрге созулуп, деңиз деңгээлинен 1176 метр бийикте турат.
Тоонун аймагында орто кылымдарда салынган бир нече мечит жана үңкүрлөр бар.
ТЕМА БОЮНЧА:
Сүрөт баян: Ак-кызгылт гүлгө оролгон өрүкзарлуу Баткен