Бекешев: Бийлик «Азаттыкты» жапканы менен сөз эркиндигин жаба албайт

Депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында Бишкектин Ленин райондук сотунун «Азаттыкты» ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу чечимине комментарий берди. Ал бийлик эмне кылса да өлкөдөгү сөз эркиндигин жаба албайт деп эсептейт.

«Сөз эркиндигин жабуу мүмкүн эмес. Соттун “Азаттык” боюнча чечими күтүүсүз болгон жок, бирок кандай болгон күнү да бийлик ойлонуп көрүп, судьялар мыйзамдуу чечим чыгарышына белги берет деген үмүт бар болчу. Бул тенденция бир жыл мурда эле башталган жана дагы уланат. Тилекке каршы, ушундай акылсыз чечимдерден улам, өлкө артка жылып, өзүнүн өнүгүү укугун чектеп жатат. Сөз эркиндиги жок эч кандай экономикалык керемет болбойт», — деп жазды Бекешев.

Анын айтымында, өлкөдө сот бийлигинин көз каранды бойдон калууда, бул инвесторлор үчүн өлкөнүн имиджин гана бузбастан, жарандарга ички көйгөйлөрдү да жаратат.

«Сот бийлиги көз каранды болуп турганда бир дагы барандуу инвестор өлкөбүзгө ири капит салбайт, бир дагы жаран өлкөдө чоң иш баштабайт. Сөз эркиндиги болмоюн жаштар өзүн-өзү өнүктүрө албайт. Чыгармачылык, креативдүү индустрия шыктана албайт», — деп эсептейт Бекешев.

Депутат бийлик «Конституциянын башка нормалары сыяктуу эле сөз эркиндигин максаттуу багытка айлантып ката кетирип жатат» деп ишенет.

«Бирок “Азаттыкты” жабуу менен сөз эркиндиги жабылып калбайт. Сөз эркиндигин жабуу мүмкүн эмес. […] “Азаттыктын” жалпы жамаатына мыкты контент, өжөрлүгү, чыдамкайлыгы, кесипкөйлүгү жана калыстыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

P.S. Ушул эле күнү кесиптештерим Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде укук коргоо ишмердигин активдүү жүргүзүп келе жаткан акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан алууну чечишти. Бул чечим да адамдын, жарандардын эркиндиги менен укуктарын коргогон алгылыктуу институтту түзүүгө тоскоолдук жаратууда», — деп сөзүн жыйынтыктады Бекешев.

«Азаттыктын» соту

«Азаттыкты» ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча акыркы сот 27-апрелде болду. Сот Маданият министрлигинин басылмага каршы доо арызын канааттандырды.

Судьялардын айтымында, чечимди Бишкек шаардык сотунда даттанса болот.

«Азаттыктын» адвокаты Тимур Султанов «Клоопко» курган маегинде соттун чечимине макул эместигин жана апелляциялык арыз даярдай турганын билдирди.

«Азаттыкка» каршы доо арыз берүүгө «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон. Бул чыгарылыш «Азаттыктын» сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөөгө негиз болгон.

2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Азаттык Медианын» иш-аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.