Социалдык тармакта Талас районундагы мал базарда тургундар уурулукка шектелген кишини кармап, мамыга байлап койгон видео тарады. Окуяны милиция териштире баштады.
Маалыматка ылайык, 30-апрелде райондук мал базардагы эл 25-30 жаштагы азиат улутундагы белгисиз кишини акча уурдады деп шектеп кармап, мамыга байлап коюшкан.
Териштирүү учурунда Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 47 жаштагы тургуну 60 000 сомун, Чолпонбай айылынын 24 жаштагы тургуну 6000 сомун уурдатканын айтышкан.
Мамыга байланган киши райондук милицияга алып келинип, Ысык-Көлдөгү Григорьевка айылынын 34 жаштагы тургуну экени аныкталды. Текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан 35 200 сом табылды.
«Шектүү аймактык ооруканага алып барылып, саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилбегени аныкталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп белгилешти милициядан.