Кыргызстандын бийлиги Орусияга санкциялык товарларды ташыгандар менен күрөшүп жатканын айтып ишендирүүдө, бирок иш жүзүндө аларга мамлекеттик статистиканы манипуляция кылып, жашынууга жардам берип жатканын аныктады OCCRP. Өткөн жумада ушундай компаниялардын төртү АКШнын сакциясына илинди, бирок башка дагы ондогон компаниялар бар. 20-июлда АКШнын Финансы министрлиги төрт кыргыз компаниясына санкцияларды киргизди, Вашингтондун пикиринде, алардын Орусияга санкциялык товардардын ташылуусуна тиешелери бар.
«Украинага толук масштабдуу кол салуу башталгандан тартып Кыргызстанда жайгашкан компаниялар көзөмөлдөөчү электрондук компоненттерди жана башка технологияларды Орусияга байма-бай экспорттоп турган. Бул жеткирүүлөрдүн катарына кийин Орусиянын коргонуу тармагындагы ишканалары үчүн кош багыттагы сезимтал товарлар да кошула баштаган», — деп билдирген анда АКШнын Финансы министрлиги.
Төрт компания тең Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабда кол салып баштагандан кийин түзүлгөн.
Санкция салынарга чейин бир нече саат мурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Орусияга каршы киргизилген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга «кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, анын мамлекеттик түзүмдөрү менен компанияларынын да тиешеси жоктугун» билдирген. Бирок ал жактан санкциялык чектөөлөрдү бузууга «ташыган товарларынын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбей калган» жеке компаниялар катыш болуп калышы мүмкүн экендигин жашырган эмес.
Бирок Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP) чыгарган тыянакка ылайык, батыштын Орусияга каршы санкциялык чектөөлөрүн бузууга кыргыз компаниялары менен бирге эле мамлекеттин өзүнүн да тиешеси бар. Уюмдагылар кыргыз бийлиги жакындан бери соода-сатык боюнча улуттук статистиканы башкача жарыялай баштаганын байкашкан — бул мамлекетке Орусияга экспорт кылууга тыюу салынган товарлардын маалыматын коомчулуктан жашырып коюуга жол ачкан.
Статистика менен фокустар
«Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу чакан өлкө экенине карабастан — [санкциялардан] качуунун жол берилбеши керек болгон жагымдуу чөйрөсүн түзүү үчүн бардык факторлорду колдоно аларынын анык мисалы боло алат», — деп айткан кыргыз компанияларына санкция салынганга чейин бир нече күн мурда The Washington Post басылмасына анонимдүүүлү шарт менен маек курган АКШнын жооптуу аткаминери.
Чынында эле, кыргыз аткаминерлери санкциялык товарлардын экспортун алдын алууга бардык күч-аракет жумшалат деп ишендиргенине карабастан, алар тетири иш кылышкан. Алар соода-сатык боюнча жалпыга жеткиликтүү мамлекеттик статистиканын ачык-айкындыгын бир аз жашырган — бул өз кезегинде тыюу салынган продукциянын жүгүртүлүүсүн талдоону мүмкүн эмес кылып койгон.
Кантип ушундай болгон? OCCRP Кыргызстандын Улуттук статистика комитети июнь айында тышкы жана өз ара соода тууралуу расмий сайтына чыгарган маалыматтарды жарыялоонун форматын өзгөрткөнүн байкаган.
Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин көбүндө экспорт жана импорт боюнча статистика адатта он сандан турган код менен белгиленген атайын категорияларга бөлүнөт. Мисалы, 3603400001 коду менен «электр эмес жардыргыч чөйчөктөрү (капсюль — ред.)» белгиленет. Бул коддун алгачкы төрт саны — 3603 — запал жана детонаторлорду, анын ичинде от алдыруучу жана жардыруучу зымдарды, уруучу жана жардырылуучу чөйчөктөрдү, электрдетонаторлорду жана башкаларды камтыган чөйчөктөрдүн тобун көрсөтөт.
Улуттук статком алгачкы төрт санын гана жарыялаганда компаниялар кандай товарларды сатканы тууралуу жалпыланган гана маалымат алууга болот, бирок ал так кесе эмне продукция экенин билүү мүмкүн эмес.
Улуттук статистика комитети тарабынын жарыялаган 2023-жылдын алгачкы үч айынын статистикасында товарлар тууралуу маалымат төрт сандуу эле эмес, он сандуу коддор боюнча да бөлүнгөн, анда өлкө Орусияга кандай санкциялык товарды жеткирип турганы так көрүнүп турган.
Соода-сатыктын статистика жаңыланып, он сандуу коддон турган маалыматтар жок болуп кеткен — 2019-жылдан бери биринчи жолу ушундай болууда. Болгону төрт сандуу коду бар товарлардын топтору тууралуу гана маалыматтар калган, ал санкциялык товарлардын экспортун натыйжалуу жашырууга жардам берген.
Ушундай эле тенденция улуттук статкомдун кезектеги, январь-май айларына карата июнда жарыяланган маалыматында да сакталган.
Улуттук статкомдун сайты чыккан материалдардын тарыхын сактабайт жана ар бир жолкусун жаңы маалымат эскисин өчүрүп, акыркысын гана калтырат. Санкциялык товарлардын экспортун көрсөткөн акыркы статистика июндагы жаңыртуусу менен «өчүрүлгөн».
Улуттук статкомдун Тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова OCCRP’ге он сандан турган коду бар маалыматтар «оптимизация» үчүн алып салынганын билдирген.
«Биз колдонуучулар үчүн [он сандан турган коддорго] анча деле маанилүү эмес экенин көрүп, жөн гана убакытты үнөмдөөнү чечтик, — деди ал. — Төрт белги маалымат колдонуучуларын толук канааттандырат».
Сулайманова «оптимизация» идеясы ушул жылы эле пайда болгонбу же улуттук статком он сандан турган коддун «керексиз экенин» аныктаган кандайдыр бир талдоо жасап көрдүбү деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.
«Бул эми ички чечим, мен ага комментарий бербейм. Бул негизи эле силердин башыңарды оорутпашы керек», — деди ал.
Санкциядагы кыргыз компаниялар
Өткөн аптада АКШнын санкциясына илинген төрт кыргыз компаниясын бир эле кызыктуу жагдай байланыштырат — алар Орусия Украинага толук машстабда кол салып баштаган алгачкы айларда каттоодон өтүшкөн. Арасында нигиздөөчүлөрү орусиялыктар болгон учурлар да кездешет.
Алардын бири, «РМ Дизайн энд Девелопмент» компаниясы Орусияга бир бөлүгү АКШнын санкциясы салынган жарым өткөргүчтүү түзүлүштөрдөн, электрондук интегралдык схемалардан жана конденсаторлордон турган жүздөгөн товарды ташыган.
«Прогресс лидер» компаниясы 2022-жылдын мартында орусиялык ишкер Татьяна Иванова каттоодон өткөргөн. «Прогресс Лидер» Иванованын башка, Орусиядагы «Сиайси» компаниясына бир катар товарларды ташыган. Бул компания негизинен электрондук жана оптикалык жабдууларды, ошондой эле компьютер жана коштоочу техникаларды сатат.
Ошол эле күнү «Прогресс Лидер» сыяктуу эле — 2022-жылдын 25-мартында — «Карголайн» компаниясы да каттоодон өткөн. Бул компания Орусияга 1 млн долларлык санкциялык товарды ташыган. 2023-жылдын май айында орус тилдүү көз карандысыз «Проект» басылмасы бул фирма Boeing жана Airbus жүргүнчү ташуучу учактары үчүн авиатетиктерди ташып берип, орусиялык авикомпанияларга санкцияларды жана аталган учактарды эксплатациялоого салынган чектөөнү буйтап өтүүгө жардам берген ири камсыздоочу компаниялардын бештигине киргенин аныктаган.
Американын санкциясына илинген төртүнчү компания — бул «ГТМЕ Технологилар» фирмасы — 2022-жылдын 28-июнунда каттоодон өткөн. Расмий компьютер жана перифериялык жабдыктарды өндүрөт. АКШнын Финансы министрлиги «ГТМЕ Технологиялар» Орусияга тантал конденсаторлору жана электрондук интегралдык схемалар сыяктуу ондогон товарларды ташыганын айтат.
Бирок бул төрт компания айсбердин бери эле жагы. Орусияга товар ташыган ондогон кыргыз компаниялары бар. Мисалы, «Кас Импульс» — детонатор чыгарган Борбор Азиядагы алгачкы завод. Аны былтыр нобрь айында геология боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы кызматкери Канат Эрматов каттоодон өткөргөн.
Бул компания 2023-жылдын январь-апрель айларында Орусияга 661 миң детонатор жөнөткөн. Ошол эле учурда алардын кээ бири Кытайдан алып келинип, жок эле дегенде 19,6 миңи Кыргызстанда өндүрүлгөн болушу мүмкүн.
Товарлардын бул түрү ORICA CIS компаниясы үчүн багытталган. Ал Орусияда тоо-кен жана курулуш тармактары үчүн жардыруучу заттарды чыгарган «Эвобласт» компаниясынын тобуна кирет.
«Кас Импульстун» Орусиядагы компанияга кеткен бир да товары Кыргызстандын расмий статистикасында көрсөтүлгөн эмес жана анда дагы канча санкциялык товар жөнүндө маалымат жоктугу белгисиз.
Александра Ли, OCCRP