УКМК: АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга Кыргызстандын да, мамкомпаниялардын да тиешеси жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Орусияга санкцияга туш болгон товарлар ташылып жаткандыктан АКШ Кыргызстанга карата санкция салышы ыктымал деген маалыматка комментарий берди.

УКМКдан «АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын да тиешеси жоктугун» билдиришти.

«УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган продуктылардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катыш болуп калышы мүмкүн экендигин белгилейт», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат «мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган» тиешелүү иликтөө жана тергөө иштери башталганын билдирди.

«Кыргыз Республикасы жана анын мамлекеттик түзүмдөрү тиешелүү эл аралык нормаларды жана эрежелерди так сактоодо», — деп белгилейт УКМК.

Буга чейин өлкөнүн Экономика министрлиги да ушундай эле билдирүү жасаган. Мекеме Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан Кытайдын DJI Agras T30 үлгүсүндөгү 14 дрондун Казакстанда кармалганына комментарий берген. Дрондор кармалганы июндун башында белгилүү болгон. Казакстандын Бажы кызматы билдиргендей, товарды алып өтүп бараткан «Импульс-Инвест» ЖЧКсынын товарга лицензиясы жок болгон.

Экономика министрлигинен «бул компания учактар айыл чарбасында кеңири колдонулуп жатканын эске алып, бул продукт экспорттук көзөмөлгө алынарын биле албаса керек» деп билдиришкен. Ошондой эле мекемеден «бул иш экспорттук көзөмөл жаатындагы жалгыз мыйзам бузуу болгонун», ал үчүн ишкана жоопкерчиликке тартылганын кошумчалашкан.

«2023-жылдын март-апрель айларында АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британиянын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынан кийин Министрлик экспорттук көзөмөлдү, анын ичинде аскердик жана кош багыттагы товарларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштерди уюштуруу максатында, алардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюуну демилгелеген. [...] Экспорттук контролго алынуучу товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө/экспорттоого жол бербөө боюнча республиканын бизнес-коомчулугу менен да туруктуу негизде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдиришкен Экономика министрлигинен.

Буга чейин The Washington Post басылмасы АКШдагы жооптуу аткаминерлердин арасындагы өздүк булактарына таянып, АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга карата Орусияга санциялардан буйтап өтүүгө «жардамшаканы» үчүн экономикалык таасир этүүнүн чараларын камдап жатканын жазган. Так кандай чаралар жөнүндө сөз болуп атканын басылма айткан эмес.

Басылманын маалыматына ылайык, аталган чаралар дароо ушул аптада кабыл алынышы мүмкүн. Журналисттердин өздүк булактары бир катар америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкектеги бир нече айга созулган сапарынан майнап чыкпаганын белгилешкен.

Мурдараак АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Кыргызстан Украинага толук максштабда кол салган Орусияга анчейин үмүт арта бербеши үчүн республикага колдоо көрсөтүп жатканын билдирген. Ал АКШнын максаты учурда Кыргызстанды санкциялар менен «жазалоо» эмес, өлкө санкциялардан буйтап өтүүчү жайга айланып калбашы үчүн ага маалымат берүү экенин белгилеген.

Буга чейин «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын жана Казакстандын компаниялары Украинадагы согушка байланышы бар орус компанияларына батыштын техникаларын жеткирип берип турганы тууралуу жазган. Алар Батыштын Борбор Азия аркылуу аскердик товарлардын өтүшүнө тоскоолдук кылууга жасаган аракетине карабастан, кыргыз жана казак компаниялары кош багытта колдонулуучу технологияларды ташып турганын аныкташкан.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол сала баштагандан кийин АКШ жана Европа биримдиги Орусияга каршы санкцияларды салып, аскердик багытта колдонулушу мүмкүн технологиялардын экспортун катаалданткан. Анткен менен Орусия аталган чектөөлөргө илинбей калган башка өлкөлөр аркылуу, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан аркылуу батыштын технологияларын алууну улантууда.

Андан тышкары, АКШ мурдараак Орусиянын аскердик тармагына көмөк көрсөткөн бир кыргыз ишканасына санкция салганы маалым. Ал Tro.Ya деп аталган компания экени белгилүү болгон. Бул компанияны АКШнын Соода министрлиги Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарын колдогону үчүн кара тизмеге киргизген.

Тема боюнча окуңуз: The Washington Post: Орусияга «көмөктөшкөн» кыргыз ишканаларына санкция салынышы мүмкүн