Ал эми кесиптеши Балбак Түлөбаев борбор калаага метро эмес, монорельс куруш керек деп билдирди. Анын айтымында, монорельс метрого караганда арзан болот.
«Түшүнбөгөндөр ушул күнгө чейин сунушума күлүп отурат. Мэрия мени укпай койду. Бир автобустун узундугу 12 метр, жол чыракка үч автобус токтосо, 36 метр болот. Анан тыгын пайда болот. 160 миллион долларга автобус алгандын ордуна 150 миллион долларга эки дарыянын боюна монорельс орнотсо болмок. Монорельс саатына 150 миң адамды ташыйт», — деди ал.
Парламентте Бишкекке метро куруу маселеси мурда да көтөрүлгөн. Бишкектин 2016-жылдагы башкы планында 2025-жылга чейин жер үстүндөгү метро куруу каралган. 2022-жылы мэрия долбоор даярдалып бүтүп, инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген, бирок кийин ал токтоп калган.