Ноокат: Мэрия жолду кеңейтүү үчүн көп жылдык дарактарды кыйды

Журналист Алмира Абидинова фейсбукта Ноокатта дарактар кыйылганы тартылган видео жарыялады. Ал кыйылган дарактар көп жылдык болгонун айтып нааразы болду.

«Ноокатта жолдун боюндагы көп жылдык дарактарды аркы бет-берки бет кылып кыйып ташташыптыр. Акыркы мезгилде күн ысып, эл бир дарак эгип өстүрө албай жатса… Кыйылган дарактарды көчөнүн башына чейин көрсө болот», — деген ал.

Ноокат мэриясынан «Клоопко» дарактар жолду кеңейтүү үчүн кыйылганын тастыкташты.

«Ош — Ноокат — Раззаков унаа жолунун жээгиндеги жолдун курулушуна тоскоолдук жараткан чынар терек, тал, арчалар кыйылып жатат. Борбордук жол төрт бөлүк боло турган болгон, төрт бөлүк — бул 28 метр болуп калат экен. Кызыл сызыкка чыккан жарнактар, көчө жарыктандыруусу жана башкалар аылынып, тазаланып жатат», — дешти мэриядан.

Бул бийлик өкүлдөрү жолду кеңейтүү үчүн дарактарды кыйган биринчи учур эмес. 2019-жылы Ош бийлиги калаадагы Шакиров көчөсүн кеңейтүү үчүн 523 түп даракты кыйган. Анда дарактарды кыюу балдардын саламаттыгына терс таасир тийгизери, ошондой эле дарактарды кыйгандан жол тыгыны азайбай турганы айтылган.

Кененирээк окуңуз: Ош шаарында быйыл 523 дарак кыйылды — бул көппү же азбы? Түшүндүрөбүз