Жапаров БУУнун баш катчысына кайрадан мамкарызды «жашыл» долбоорлорго алмаштырууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, кайрадан Кыргызстандын тышкы карызын «жашыл» долбоорлорго алмаштырууну сунуштады.

Анын айтымында, бул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө олуттуу салым болмок.

Жапаров буга чейин да БУУга, бир катар өлкөлөргө жана түрдүү каржы институттарына жашыл демилгелердин ордуна Кыргызстандын тышкы карызын кечүүнү сунуштаган.

Президент 2024-жылы июнда эки өлкө Кыргызстандын 120 миллион доллар карызын кечүүгө болжолдуу түрдө даяр экенин билдирген.