Эми бийликтин өтүнүчү болсо Телеграм колдонуучуларынын номери, IP дареги тууралуу маалымат берилиши мүмкүн

Бул тууралуу колдонмонун негиздөөчүсү Павел Дуров 23-сентябрда телеграм каналында жазды.

«Кылмышкерлердин Телеграмдын издөө функциясын кыянаттык менен пайдалануусуна жол бербөө, ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүү шарттарыбызды жана жеке маалыматтарды коргоо саясатыбызды жаңырттык», — деп жазды ал.

Ал бул чара кылмышкерлерди токтотууга тийиш деп эсептейт. Ал чабуулчуларга миллиарддаган колдонуучусу бар платформабыздын бүтүндүгүн бузууга жол бербейбиз деп кошумчалады.

Буга дейре Дуров Францияда кармалып, кийин өлкөдөн эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Париждин прокуратурасы аны бир канча ишке айыптаган.

Алардын арасында өспүрүмдөрдүн порнографиялык сүрөттөрүн жайылтууга, баңгизат сатууга, алдамчылыкка жана бийлик органдарына маалымат бербөө, арам акчаны адалдоого, криптографиялык каражаттарды мыйзамсыз импорттоого жол берген платформаны иштетүүгө шериктештиктиги бар экени белгиленген.