Уюшкан кылмыштуу топтун Баха аттуу активдүү мүчөсү кармалды

Image descriptionИчки иштер министрлиги аталган шектүү милиция кызматкерлерине «ок атуучу курал сатууга аракет кылып жүргөнүн» аныктады.

Бул боюнча «Ок атуучу куралды сактоо» беренеси менен иши козголуп, Талас облусунун Баха аттуу 43 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тинтүү учурунда анын жанынан номери өчүрүлгөн «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм гашиш баңгизаты табылган.

Маалыматка ылайык, Баха Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары милицияда каттоодо турат жана Талас облусунун көзөмөлдөөчүсү.

Көлбаев жок кылынгандан бери кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүп келет. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кылмыштуу чөйрөдөгүлөргө кайрылып, «кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.