Ташиев: Эгер уюшкан кылмыштуу топтордон кимдир бирөө баш көтөрсө катуу жазаланат

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде атайын операцияда жок кылынган Камчы Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылды. 

«Мен кечээ жок кылынган кримтөбөлдүн жанында жүргөндөрдүн баарына эскертип коёюн: эгер кимдир бирөө коомго каршы баш көтөрчү же мыйзамга каршы аракеттерди уюштура турган болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мен эскертүү берген нерсемди, дайыма аткарам. Мен ошол криминалдык элементтерге кайрылам: мыйзамды бузбагыла. Мындан ары өлкөбүздө эч кандай мыйзамдагы ууру, эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Кимде ким жаңы ууруларды, жаңы лидерлерди түзөбүз деп жаткан болсо, катуу формада жазага тартабыз», — деп эскертти ал

Ташиев мындан ары «мурдагы мыйзамдагы уурунун ордуна жаңысы келет» деген болбой турганын да белгиледи.

«Эми өлкөбүздө УКТнын, мыйзамдагы уурулардын жаңы лидерлери болбойт. Ушуну ар бириңер түбөлүк эстеп калгыла. Мен жоопкерчиликтүү түрдө айтам, кимде ким аракет кылса, жазаланат», — деп кошумчалады Ташиев. 

Көлбаевди жок кылуу

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары ИИМдин каттоосунда турган. Анын уюшкан кылмыштуу тобу өлкөдөгү саны көп уюшкан кылмыштуу топтордун бири деп эсептелчү.

Көлбаев 4-октябрда УКМК аны кармоо операциясын жүргүзүп жатканда өлтүрүлгөн. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, атайын кызмат Көлбаевдин «Дөө-Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун былтыр июлда ТИЗОдо өлтүрүлүшүнө катыштыгын иликтеп жаткан.

Кармоо учурунда кримтөбөл «Блондер Паб» барында болгон, ал жерде күч түзүмдөрүнө куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада спецназ Көлбаевге ок аткан. Врачтар ал ошол эле жерде октон жарадар болуп көз жумганын аныкташкан.

УКМКдан аталган факты боюнча «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгонун да кошумчалашты.

Көлбаев «мызамдагы ууру» деп аталчу. ЖМКнын маалыматына ылайык, ал бул макамын 2008-жылы Москвада алган.  

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң ири баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. АКШ бийлиги Көлбаевди жоопко тартууга же анын кылмыштуу схемасын бузууга шарт түзө турган маалымат үчүн 5 млн доллар сый акы жарыялаган.

Көлбаев өлкө ичинде бир нече жолу кармалган. Бирок 2023-жылдын августунун ортосунда адвокаты Сергей Манукян Көлбаевге карата эч кандай кылмыш иши жоктугун билдирген