Президент: Батыш бизге Орусия менен кызматташтыкты токтотуу боюнча көрсөтмө бербеши керек

Президент Садыр Жапаров бул тууралуу орусиялык журналист Павел Зарубинге курган маегинде билдирди. Журналист андан «Батыш өлкөлөрү КМШдагы өнөктөштөрүн Орусия менен кызматташуудан баш тартуусун каалап жатканын жашырбайт, буга кандай карайсыз» деп сураган.

«Бул, албетте, туура эмес. Европанын өзүндө да НАТО же Евробиримдикке мүчө өлкөлөр бар, алар да Орусия менен кызматташат. Ошондуктан, алар бизге Орусия же КМШ менен кызматташуубузду токтотуу боюнча көрсөтмө бербеши же суранбашы керек», — деди Жапаров.

Орус аскерлери бастырып киргенден бери Украинада согуш жүрүп жатканы эки жарым жылдан ашты. Америка жана Батыш өлкөлөрү Орусияга карата санкция салып, ага көмөктөшкөн өлкөлөр да санкцияга кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Ал эми кыргыз бийлиги Украинадагы согушка карата позициясы бейтарап экенин, эки өлкөнү тынчтыкка чакырарын билдирген.