Акылбек Жапаров Кыргызстан санкцияга кабылбаш үчүн чара көрөрүн билдирди

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан санкцияга кабылбаш үчүн чара көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу ал минкабдын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылуучу жыйынынын алдында айтты.

Ал Кыргызстанга АКШ менен Евробиримдиктин делегациялары келгенин эсе салып, бийлик тараптан бардык превентивдүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Минкабдын башчысынын айтымында, өлкөдө сооданын ачык-айкындуулугун камсыздоонун арты менен санкцияга кабылуу тобокелдиктерин жоюу иштери жүрүп жатат.

«Санкциядагы товарлар биздин чек арадан өтүп кетпеши үчүн мындан ары да чаралар көрүлөт», — деп келтирди Жапаровдун айткандарын Баракелде басылмасы.

Жапаров Кыргызстандан Орусияга ташылып баратып Казакстанда кармалган кытай өндүрүшүндөгү DJI Agras T30 үлгүсүндөгү 14 дрон боюнча да комментарий берди. Дрондор кармалганы июндун башында белгилүү болгон. Казакстандын Бажы кызматы билдиргендей, товарды алып өтүп бараткан «Импульс-Инвест» ЖЧКсынын товарга лицензиясы жок болгон.

«Казак тараптын пикири боюнча, 2022-жылы бул товар бизден барыптыр. Алардан эч кандай далилдерди алган эмеспиз», — деди Жапаров.

18-июлда The Washington Post басылмасынын журналисттери АКШдагы жооптуу аткаминерлердин арасындагы өздүк булактарына таянып, АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга карата Орусияга санциялардан буйтап өтүүгө «жардамшаканы» үчүн экономикалык таасир этүүнүн чараларын камдап жатканын жазышкан. Так кандай чаралар жөнүндө сөз болуп атканын басылма айткан эмес.

Басылманын маалыматына ылайык, аталган чаралар дароо ушул аптада кабыл алынышы мүмкүн. Журналисттердин өздүк булактары бир катар америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкектеги бир нече айга созулган сапарынан майнап чыкпаганын белгилешкен.

Бул маалымат боюнча УКМК да комментарий берип, «АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын да тиешеси жоктугун» билдирген. Атайын кызмат санкциялык чаралардын бузулушуна жеке компаниялардын тиешеси бар болушу мүмкүн деп божомолдоп, андай фирмаларды аныктоону убада кылган.

Буга чейин «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын жана Казакстандын компаниялары Украинадагы согушка байланышы бар орус компанияларына батыштын техникаларын жеткирип берип турганы тууралуу жазган.

Журналисттер Батыштын Борбор Азия аркылуу аскердик товарлардын өтүшүнө тоскоолдук кылууга жасаган аракетине карабастан, кыргыз жана казак компаниялары кош багытта колдонулуучу технологияларды ташып турганын аныкташкан.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол сала баштагандан кийин АКШ жана Европа биримдиги Орусияга каршы санкцияларды салып, аскердик багытта колдонулушу мүмкүн технологиялардын экспортун катаалданткан. Анткен менен Орусия аталган чектөөлөргө илинбей калган башка өлкөлөр аркылуу, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан аркылуу батыштын технологияларын алууну улантууда.

Андан тышкары, АКШ мурдараак Орусиянын аскердик тармагына көмөк көрсөткөн бир кыргыз ишканасына санкция салганы маалым. Ал Tro.Ya деп аталган компания экени белгилүү болгон. Бул компанияны АКШнын Соода министрлиги Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарын колдогону үчүн кара тизмеге киргизген.