Таштанды талаасынын курулушу 5-ноябрда башталды. Эски таштанды талаасынын үстү жабылып, жаңысы анын жанына курулат.
Калаа башчысы жаңы палигон эл аралык талаптарга жооп берет деп билдирди.
Курулуш иштери Европа өнүктүрүү банкы жана Европа Биримдигинин колдоосу менен «Ошто таштанды чогултуу жана иргөө системасын жакшыртуу» долбоорунан алкагында жүрүүдө.
«Жаңы санитардык полигон үчүн 24 гектар жер бөлүнгөн. Бир жыл аралыгында бүткөрүлүп, жашыл аймак пайда болот. Бир кездери сасып, жыттанып турган жер шаардыктар үчүн эс ала турган аймакка айланат»,
— деди вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.
Оштун бийлиги жаңы таштанды талаасын курууну 10 жылдан ашык убакыттан бери пландап келет. Европа өнүктүрүү банкы бул үчүн каражатты 2012-жылы бөлгөн — 11 млн евронун беш миллиону 12 жылга насыяга берилген.
Таштанды талаасы Жапалак айыл аймагына жакын болгондуктан, буга чейин тургундар жагымсыз жыт менен түтүнгө нааразы болуп келишкен.