Өзбекстандын Барак эксклавынан көчүрүлүп келгендер жаңы түптөлгөн айылда жашай баштады

Айыл Оштун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагындагы 38 гектар жерге түптөлгөн. Жаңы-Барак айылындагы 101 турак жайдын ачкыкын тургундарга президент Садыр Жапаров тапшырды.

Үйлөрдө бардык шарт бар экени айтылат: ар бир үйгө суу киргизилип, жалуулук системасы орнотулган. Мындан тышкары саркынды сууларды тазалоочу жай да курулган.

«Айылдын батыш тарабындагы 2 чакырым жолго асфальт, ички жолдорго шагыл төшөлгөн. Учурда мечит менен ФАПтын имараты курулуп жатат», — дешти облустук администрациядан.

Апрель айында кыргыз бийлиги Барак эксклавынын тургундарын көчүрүп келген. 98 үй-бүлө Оштун ар кайсы аймагына убактылуу жайгаштырылган. Алгач үйлөрдүн курулушу 31-августка чейин бүтөт деп пландалган.

Барак эксклавы Өзбекстандын аймагында калып кеткен кыргыз айылы болчу. Буга чейин эксклавдын тургундары Кыргызстанга чек арадан өтүүдө олуттуу кыйынчылыктарга туш болгон. Өзбекстан Баракты Кыргызстандын негизги бөлүгү менен байланыштырган эң кыска жолду жаап салган.

Кийин «Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жөнүндө» макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык Кыргызстан Баракты Өзбекстанга өткөрүп берип, коңшу өлкө Оштун Кара-Суу районуна чектеш аймактан 208 гектар жер берген.