Туманбаев: KG Group компаниясынын алты үйү мамлекетке өтүп, пайдаланууга берилди

Мамлекет мыйзам бузуулардан улам аягына чейин курулуп бүтпөй калган KG Group компаниясынын алты көп кабаттуу үйүн мыйзамдаштырып, пайдаланууга берди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 21-ноябрдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Үйлөрдүн бири Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда, дагы бири Ош шаарында жайгашкан. Туманбаевдин айтымында, компания батирлерди котлован казыла баштаганда эле үлүштүк негизде саткан. Бирок үйлөр курулуп бүтпөй, кардарлары төлөгөн акчасын ала албай калышкан.

«Президент KG Group компаниясынын объектилерине кызыкдар болгон бардык тарапты чогултуп, алардын пикирин угууну жана мыйзамсыз башталган курулуштарды мыйзамга ылайык бүткөрүүнү тапшырган. Биз нааразылыктарын айтып чыккан 350гө жакын үлүшчүнү чакырдык», — деди ал.

Туманбаевдин айтымында, эми үйлөрдүн жашоочулары насыя алып, коммуналдык кызматтарды коммерциялык эмес тарифтер боюнча төлөй алышат. Буга чейин техпаспорттору жок болгонуна байланыштуу алар мындай кыла алышкан эмес.

Аткаминер аталган компания көбүнчө үйлөрдү мыйзамсыз жерлерге, анын ичинде бала бакча куруу каралган тилкелерге салып келгенин кошумчалады. Мындан тышкары KG Group'дун курулуш долбоорлору туура эмес болуп, техникалык шарттар жок болгон.

Туманбаевдин айтымында, жалпысынан 12 компания курулушу мыйзамсыз башталган 1180 батирди Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берген.

KG Group'дун ээси Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алуу, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү айыптары менен апрелден бери камакта отурат.

Ташовго кылмыш иши 2024-жылдын башында, ал УКМК кызматкерлерин аны уурдоого жана мыйзамсыз курулуш иши боюнча мамлекетке төгүп берген 52 млн сомдон тышкары, дагы 100 миллион сом талап кылууга айыптаган видеосу жарыялангандан кийин козголгон. Ишкер өзү тагылган айыптарды четке кагууда.