Былтыр ботаникалык бакта мектеп окуучусу бычакталып көз жумган, көп өтпөй досунун сөөгү өзү жашаган үйдөн табылган. Алардын ата-энелери тергөөчүлөрдүн ишине нааразы болуп Жогорку сотко кайрылышты.
Алардын айтымында, айыпталуучу тарап «абактагы жаза мөөнөтүн кыскартуу максатында» ишти Жогорку соттун кароосуна киргизүүнү суранган.
«Чырактай болгон балдардан айрылдык, алардын өлүмүнө себепкер болгондордун соту бир тараптуу чечилип келе жатат. Сценарийди өздөрү жазып, каалагандай калчап, даяр документти сотко өткөзүп коюшат экен», — деди маркумдун апасы.
Балдардын ата-энелери окуяга катыштыгы бар башка балдарды да жазалоону талап кылышууда.
Алар былтыр каргашалуу окуяны уюштурган шектүү «Октябрь РИИБнин кызматкеринин уулу экенин» жана шектүүлөрдү «актоого аракети болуп жатканын» айтып чыккан.
Окуяга байланыштуу Бишкек, Кара-Балта шаарындагы «Сапат» лицейинин директорлору кызматынан алынып, 20га жакын адиске чара көрүлгөн.