Саламаттык сактоо министрлиги медиктерди кемсинтүү үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министрлиги медиктерди коргоо максатында Кылмыш жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Документ коомдук талкууга коюлду.

Авторлордун айтымында, өлкөдө жарандар медицина кызматкерлерине оозеки чабуул жасаган жана кол көтөргөн учурлар көбөйдү. Бул медиктердин коопсуздугуна гана коркунуч алып келбестен, медициналык жардамдын сапатын да төмөндөтүүдө.

«Дарыгерлер, медайымдар жана башка медицина кызматкерлери бейтаптар менен алардын жакындарынын, ал эмес чоочун эле адамдардын физикалык агрессиясына кабылууда [...] Зомбулук медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдө, анткени ал стресстик абал жаратып, дарыгерлерди өз милдеттерин аткаруудан алагды кылып, дарылоодо жана диагноз коюуда каталарга алып келиши мүмкүн», — деп жазылган документтин түшүндүрмөсүндө.

Демилгечилер медицина кызматкерлерине урматсыздык көрсөткөндөргө 10 миң сом өлчөмүндө айып салууну сунуштап жатышат. Ошондой эле алар медиктерге жасалган кылмыштар үчүн Кылмыш кодексиндеги эки беренеге өзүнчө жазаларды кошууну да демилгелешти.

Ага ылайык, медицина кызматкеринин саламаттыгына жеңил зыян келтиргендер 50-100 миң өлчөмүндө айып төлөөгө же алты айдан бир жылга чейин коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилиши мүмкүн. Муну менен катар күнөөлүү адамдын белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө үч жылга чейин тыюу салынышы ыктымал.

Бейбаштык үчүн да ушундай эле айып салуу сунушталууда — 50-100 миң сом. Ошол эле маалда беренеде үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы да каралган.

Демилгечилер мындан тышкары медиктерди жаңжал учурунда туура жүрүм-турумга үйрөтүү, аларга укуктук жардам берүү, келтирилген зыян үчүн кенемте төлөө, ошондой эле видеокөзөмөл камераларын жана курунуч жөнүндө кабарлоочу атайын баскычтарды орнотуу чараларын сунуштап жатышат.

Буга чейин депутат Сүйүнбек Өмүрзаков милиция кызматкерлерине, дарыгерлерге жана сотторго кол салгандарды жазалоону сунуштаган. Анын айтымында, мындай учурлар көп катталып, жыйынтыгында муктаж жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүлбөй калууда.