УКМК парламенттин экс-депутаты, ӨКМдин мурдагы башчысы жана Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Султан Урманаевди коррупция шеги менен кармады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Урманаев 1995-1996-жылдары мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген. Анда ал «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомдун башкармалыгынын башчысы кызматында иштеп турган.
«Айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен мамлекеттин эсебинен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын сатып алып, кийин кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзасыз жеке менчикке өткөргөн», — деп билдиришти УКМКдан.
Атайын кызматтан бүгүнкү күндө менчиктештирилген мүлктүн баасы 626 млн сомду түзөрүн белгилешти.