Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму жана «Последнее Слово» долбоору Темиров Live’дын соттолгон журналисттерине тилектештик билдирип, жолугушуу өткөрөрүн маалымдады.
Жолугушуу 16-январда Латвиянын Рига шаарында болот. Анда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана эркин журналисттер туш болгон көйгөйлөр талкууланат.
Ошондой эле катышуучулар «Темиров Live» жана «Айт Айт Десе» долбоорунун журналисттеринин соттогу акыркы сөзүн угуп, долбоордун негиздөөчүсү Болот Темиров кесиптештеринин учурдагы абалы тууралуу баяндама жасаары айтылды.
Темиров Live’дын мурдагы жана азыркы 11 кызматкери 2024-жылы 16-январда кармалган. Дээрлик тогуз ай абакта жаткан соң аларга карата өкүм чыккан. Долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты, акын Азамат Ишенбеков беш жылга соттолгон. Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алынып, калганы акталган.