9-январда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасын карап, үчөөнү тең 13-февралга чейин ТИЗО-1де камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Султанбековдун адвокаты Айбек Турдуев «Апрель» редакциясына анын камактагы мөөнөтүн узартууга негиз жок болгонун айтып, бул чечим боюнча шаардык сотко даттана турганын билдирди.
«Тергөөчү өз өтүнүчүн олуттуу деле эч нерсе менен негиздеген жок — ошол эле кылмыш иши козголгону жана тергөөнү улантуу зарылдыгы жөнүндөгү сөздөр айтылды [...] Шаардык сот күчүндө калтырарына ишенсек да, баары бир бул чечим боюнча даттанабыз», — деди ал.
Сотто нутрициолог-дарыгер Асель Атаева ачкачылык учурунда Султанбеков 12 кг арыктап, «өтө алсыз болуп калганын» билдирди. Бирок адвокаттын айтымында, судья дарыгердин бул сөздөрүн көңүлүнө алган жок.
«Ал Султанбековду тез арада ооруканага жаткырып, профессионалдуу түрдө текшерүү керектигин, болбосо ички органдары иштебей калышы, ал эмес өмүрүнө да коркунуч жаралышы мүмкүн экенин айтты [...] Сол бутунун манжалары кыймылдабай калган», — деди Турдуев.
Темирлан Султанбеков ТИЗО-1ге камалгандан, тагыраагы 55 күндөн ашык убакыттан бери ачкачылык кармоону улантууда.
13-ноябрда укук коргоо органдары «социал-демократтардын» Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Андан соң сот партия лидери Темирлан Султанбековду жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди камакка алуу чечимин чыгарган. Үчөө тең шайлоочулардын добушун сатып алуу иши боюнча айыпталууда.