Орусияда «Адилеттүү Орусия — Чындык үчүн» партиясынын башчысы Сергей Миронов өлкөдөгү мигранттардын акча которууларына мамлекеттик алым киргизүү зарыл экенин билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары өз мекендерине $14 млрд ашык акча которушкан.
«Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда эч кандай салыктарды төлөшпөйт. Ошол эле маалда алар өлкөдөн ири суммадагы каражаттарды чыгарып кетүүдө», — деди Миронов.
Депутаттын пикиринде, эгер чет өлкөлүктөрдүн акча которууларына 3% мамлекеттик алым киргизилсе, анда кыргыз жана өзбек мигранттары Орусиянын казынасын 45 млрд рублге толтурмак.
«Эмне, бизге мындай акча керек эмеспи? Мыйзам долбоорун демилгелеп, Мамдумага алып чыгабыз», — деди ал.
Миронов чет өлкөлүктөрдүн акча которуулары үчүн кошумча комиссия киргизүү маселеси 2021-жылы да талкууланганын, бирок анда Каржы министрлиги каршы болуп койгонун белгиледи.
Ал аткаминерлер орусиялыктар үчүн тарифтерди, акциздерди жана төлөмдөрдү жогорулатып, ошол эле маалда чет өлкөлүктөргө келгенде «жалтактап калышарына» нааразы болду.
Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январынан ноябрына чейин Орусиядан Кыргызстанга $2,57 млрд которулган — бул 2023-жылдагы ошол мезгилге салыштырмалуу 7,5% аз.