Бишкек мэриясы баш калаадагы автобекеттерде билеттерди онлайн түрүндө алдын ала сатып алуу системасын ишке киргизди.
Эл аралык жана шаарлар аралык каттамдарга билеттерди https://tezket.kg/ сайтына кирип, 10 күн алдын ала сатып алууга болот. Ал үчүн керектүү каттамды тандап, жүргүнчүлөрдүн санын көрсөтүп, билеттин суммасын төлөө зарыл.
Бүгүнкү күндө Бишкекте эки автобекет иштеп жатат: «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы (Алма-Ата көчөсү 1/1) жана келечектеги «Ак-Кула» ат майданынын жанында жайгашкан Батыш автобекети.
Мэриядан билеттерди онлайн түрүндө алдын ала сатып алуу системасы Батыш автобекетинен кете турган каттамдар үчүн убактылуу иштебей жатканын белгилеп, жакынкы убактарда техникалык мүчүлүштүктөр жоюлгандан кийин кайра иштей баштарын билдиришти.