Маданият министрлиги мамлекеттик гимндин текстине жана музыкасына республикалык сынак жарыялайт. Бул тууралуу гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.
Сынактын максаты — «тарыхый мурасты, маданиятты жана элдин биримдигин даңазалаган жогорку көркөмдүктөгү музыкалык чыгарма» жаратуу.
Министрлик композиторлорду, акындарды жана чыгармачыл жамааттарды сынакка катышууга чакырды.
20-мартка чейин созула турган сынактын байге фонду төмөндөгүдөй болот:
- I орун – 1,5 млн сом жана жеңүүчүнүн диплому;
- II орун – 1 млн сом жана лауреат диплому;
- III орун – 500 миң сом жана лауреат диплому.
Министрликтин маалыматына ылайык, сынакта ошондой эле төртүнчү жана бешинчи орундар үчүн да сыйлык каралган — аларга 250 миң сомдон берилет.
Ошол эле маалда сунуштар аз болуп же татыктуу эмгектер табылбаса, сынак таптакыр эле жокко чыгарылышы да мүмкүн.
Гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу былтыр октябрдын аягында көтөрүп чыккан. Ал муну гимнде советтик калдыктар бар экени жана ырдоого татаал экени менен түшүндүргөн.
Төрага өлкөнүн жаңы гимнин 2025-жылдын апрелине чейин кабыл алуу тапшырмасын берген. Бул үчүн депутаттык жана мекемелер аралык комиссиялар түзүлгөн.
Мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу вариантын тандап, бекитишет.